Вазир жакшы хан жакшы. Бакиевдин “вазирлери”…

Каганат

Убагында Өкмөт башчылыкка келүү үчүн эң ыңгайлуу жол – Бишкек шаарынын мэринин орду болуп саналган. Буга чейин министрлер кабинетин жетектеген үч адам ушул жол менен премьер –министрлик  постко келген.

Мисалы, Борис Силаев 1995- жылдан 1998-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. Пенсионерлер, шаардык муниципалдык траспортту алар үчүн бекер кылып койгондугугу үчүн экс мерди азыркыга чейин сыймыктануу менен эстешет. Убакыт өтүп ал жогорку кызматтарга көтөрүлө баштады. 1998 – жылдын апрелинен 1999- апрелине чейин вице-премьер-министр, 1998 – жылдын декабрында жана 1999 – жылдын апрель айында премьер-министрдин милдетин аткарган. Тактап айтканда, эки эле күн өкмөт башчылык кызматтын даамын татууга үлгүргөн.

2000 жылы Б. Силаев Кыргызстандан Орусияга кеткен. Бир жыл өткөн соң ал Москва мэринин аналитикалык башкаруу бөлүмүнүн жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2002 жылдын май айынан баштап Москвада өкмөткө караган эл аралык департаменттин жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген. Учурда ал киши эмгек эргүүсүндө жана «Кыргызстан менен достук коому» атуу бүткүл орусиялык коомдун президентти болуп иштеп жатат.

Бишкек шаар башчылыгынан Өкмөт башчылыгына келген бул жалгыз эле Б. Силаев эмес. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты, «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Кулов мэрдин ордундагы Б. Силаевды алмаштырып, шаардык муниципалитетти 1998-жылдын аперлинен 1999 – апрелине чейин, толук бир жыл жетектеп, министрлер кабинетин башчысынын ордун «брондоп» турду деп айтсак да жарашат. Бирок анын самаганы кечирээк орундалды. 

Феликс Куловдун бийлиги башка заманга таандык. “Жоогазын революциясынын” биринчи премьер – министри. Депутат Тынычбек Акматалиевдин өлүмүн Куловко байланыштырышып, анын отставкасын талап кылгын криминалдык топ Жогорку Кеңештин алдында канча турду.

Ошол кездерде президент менен премьер – министр бир имаратта иштеп турушуп, кат аркылуу гана сүйлөшүп калышкан эле. Бул кезде күнүмдүк жашоодогу баа көтөрүлгөн эмес. Акыры Жогорку Кеңешти таратам деп жатып, анын натыйжасында Жогорку Кеңеш жеңишке жетишип, Куловдун талапкердигин жокко чыгарып, премьер – министрликке бекитпей коюшту. Кулов отставкага кетти. 

Ал эми эки жээкке көпүрө болом деген Алмазбек Атамбаевди бир “жээк” саткын катары бааласа, экинчи тарап “оюнчук” катары пайдаланды.  «Бийлик менен оппозицияга көпүрө» болом деп айгай салган  Атамбаевдин алы сегиз айга араң жетти. Бийлик башындагылар Атамбаевди бир сыйлык менен «ак жол» каалап  ак үйдөн чыгарып коюшту. Атамбаевдин бийликке келиши менен бир мүшөгү 600 сомдон турган ун 1500гө чейин көтөрүлдү. Азыркы кымбатчылыктын учугу дал ошол кезде жатат.

Каркыра жайлоосу казактарга Алмазбек мырзанын катышуусу менен берилди. Канчалык танбасын документтерде премьер – министрдин колу коюлуп турат. Бирок жандалбастап иштесе да баары бир “өз каалоосу” менен отставкага кетүүгө аргасыз болду. Кеткенден соң “мен мамлекеттик казынаны 1 миллиард сомго толтурдум”, деп мактанууну да унуткан жок.

Ал эми өздөрүн Курманбек Бакиевдин тун баласындай сезген «Ак Жол» фракциясынын «куурчагы» Игорь Чудинов эки жыл ичинде «чудо» жасап жиберген жок, Чудиновдун деңгээлин билген саясий элита ал гана эмес эл деле андан көптү күтүп ишеним арткан жок.  Ал эми эки жыл ичинде Чудинов эмне жасады?

2009 – жылдын сентябрында АКШда эл аралык уюмдардын, бизнес структураларынын жетекчилиги менен жолугуп, БУУнун башкы Ассамблеясынын алкактардагы климаттардын өзгөрүшү боюнча жогорку деңгээлдеги саммитке катышты жана сөз сүйлөдү.  АКШнын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Кыргызстандагы инвестициялык климат менен тааныштырды, инвестиция жумшоо үчүн долбоорлорду сунуш кылды.

 

Ушуну менен бүттү. Башка колго урунтуктуу нерсе жок. Бирок, Чудиновдун саясаттагы чыйыр жолу муну менен аяктаган жок. Ал 2015-жылы «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды. Бирок 2017-жылдын 29-май күнү  Башкы прокурор тарабынан Игорь Чудиновго  Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан келип түшкөн материалдардын негизинде КР Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1 -бөлүгүнө ылайык коррупциялык иштерге байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокураторанын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кылмыш ишин козгоого 2009-2015-жылдары “Машина сыноо станциясы” Ачык акционердик коомуна 200 млн сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүнүшү жана максатсыз пайдалануу фактысы себеп болгон.

Ал эми Чудиновдон кийин өкмөт башчысы болгон Азим Исабековдун ойнолуп бүткөн партиянын бир фигурасы катары бийликке баш бакканынан кайра артка кайтканы тез болду. 

Ал эми Бишкек шаарынын үчүнчү мэри болуп (2007- жыл октябрь – 2008-жыл июль) иштеген Данияр Үсөнов 2005- жылдын март айынан  2007 – жылдын март айына чейин вице-премьер, андан кийин биринчи вице-премьерлик кызматка көтөрүлдү. 2009 – жылдын январь айынан октябрга чейин президенттин аппаратын жетектеди. 2009 – жылдын 21 – октябрынан баштап премьер-министр болуп дайындалды. Бирок өкмөт башчылык Данияр Үсөновго бакыт алып келген жок десек болот. Анткени, бул  анын саясий карьерасындагы эң бийик чоку жана эң акыркы саясий кызмат болду. Данияр Үсөновдун министрлер кабинеттин жетектеп турган мезгилде элдин эсинде эмнеси менен калды?

   Владимир Путинди ийге келтире албай тескерисинче “мен бир үй-бүлөгө акча бере албайм” дегенин угуп шаабайы сууп кайткандыгы  Кытайга барып, андан да жолу болбой келгендиги болду. Бирок эң өкүнүчтүүсү Үсөновдун келиши кымбатчылыктын башаты болду. Электр –энергиясы, уюлдук байланыш кымбаттады. Бул өз арабасын араң тартып жаткан элдин толкунуна алып келди. Жыйынтыгында ал 2010 – жылдын 7 – апрелдеги массалык толкундоого байланыштуу отставкага кетти. Ушуну менен Данияр Үсөновдун саясий карьерасы бүттү.

2014-жылы 25-июль күнү Апрель окуясы боюнча үч жарым жылга созулган сот процесси аяктап, Бишкек гарнизондук аскер соту чыгарган өкүмдүн негизинде мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев менен кошо Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылган.  Алар 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылган.

Эмне дейбиз деги эле орус сайттарында жазылган “түстүү революциянын натыйжасына жеткен өлкөлөрдүн премьер – министрлерине суктануунун кереги жок” деген аныктама жогорудагы айтылгандардын эсебинен туура экенин жокко чыгарууга болбойт.

(уландысы бар)

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

2 билдирүү

  1. Темирбек 22 Март, 2018 at 13:54 Жооп берүү

    Атамбаев Бакиевдерди убагында Премьер-Министр болгону тарыхый факт. Бирок Бакиевдердин уй-булолук башкаруу системасы менен келише албай оз каалоосу менен кеткенин да акыйкаттык учун белгилеп коюуу зарыл.

Пикир

он − үч =