А. Шыкмаматовдун соту 22-мартта уланат

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши карала турган соттук отурум 22-мартта уланат.  

Белгилей кетсек, эл өкүлүнө карата Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде  Кылмыш кодексинин “коррупция” 303-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Депутат 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу Эсептөө палатасына сатып алууга аралашкан деп айыпталууда.

Эл өкүлү менен  бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, тендерди уткан “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталып жаткан.

Ал эми 2016-жылдын 19-декабрь күнү Биринчи Май райондук соту Айбек  Эрнис уулу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовду  5 млн. сом айыпка жыгып,  Германиянын жараны “Барат-Юкс” ишканасынын жетекчиси Али Юкселге коюлган айыптын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кылмыш ишин кароону токтотуу чечимин кабыл алган. Ал эми эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевди сот 10,6 жылга эркинен ажыраткан.

Алмамбет Шыкмаматовдун жактоочусу Канат Хасанов сот чечимине нааразы экендигин билдирип Шыкмаматовго коюлган айып далилденбегенин билдирген

Мамлекеттик айыптоочу Шыкмаматовду 8 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону суранышкан. Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери өзүнүн ак экенин айтып келет.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 3 =