Алтынбек Борошов, ырчы: “Бир кезде чыгармачылыкты таштап кетким келген”

 

Каганат.

  Кыргыз эли таланттарга бай эмеспи. Сахнада өзүнүн ордун таап келе жаткан, бирде кайгылуу ырлары менен күйөрмандарын ойго салса, бирде шаңдуу ырлары менен шаңга бөлөгөн таланттуу ырчы Алтынбек Борошов жеке концертинин алдынды бизге кызыктуу маек куруп берди.

–Саламатсызбы. Жакында Бишкеке алгачкы жолу тушоо кесүү концертиңизди тартуулаганы турасыз ушул туурасында айта кетсеңиз?

-Негизи буга чейин түштүк тарапка концетимди берип эле жүрөм. Бирок, Бишкек шаарына  алгачкы жеке  концертимди  тартуулап жатам.  Албетте учурда кызуу даярдык көрүүдөбүз. Буюрса даярдыктар абдан жакшы.  Концертибизге да саналуу гана күндөр калды. Ал эми  сезимдер туурасында айта кете турган болсом, чакан районго же, облуска эмес борбор шаарыбыз Бишкекте концертибизди берип жаткандан кийин  албетте  толкунданбай койбойт экенсиң. Кудайга шүгүр баары жакшы.   

–Продюсер менен иштешесизби же баардык түйшүктү өзүңүз аткарып жатасызбы?

–Продюсерим жок.   Уюштуруу иштерин чыгармачылык жаатында жүргөн Курманбек деген  инибиз жардамдашып жатат. Албетте өзүмдүн жеке концертим болуп жаткандан кийин көпчүлүк иштерди өзүм эле бүтүрп жатам.  Андан сыткары достор, инилер, карындаштарыбыздагы болгон жардамдарын берип, жардамдашып жатышат. 

–Ар бир чыгарма автор үчүн өз баласындай болот. Жаңы ырлар жаралганда сизди кандай сезимдер курчайт?

–Жаңы чыгарма жаралап жатканда сезимдер болбой койбойт. Ар бир жараткан чыгармаң өз каныңан жаралган баладай эле болуп калат. Эгер сен кайгылуу ыр жаратып жатсаң ошол образга киресиң, ал эми шаңдуу чыгарма жаралса   анда ошол боюнча образ жаратасың .  Кандай чыгарма болбосун   алгач эле ошол чыгарманын сөзү менен обонуна маани берем. Экөө бири бирине төп келишип тургудай болуш керек. Сөзүн өзүм жазып ырдай бербестен, акындар менен да иштешип аларга текшертип турам. Качан гана чыгарма купулума толуп, бышкан кезде гана элге тартуулайм. Репертуарымдагы  ырларыма абдан көңүл буруп турам. Ар бир ырыма кылдаттык менен карап, ырдаганга аракет кылам. 

Азыр ырчыларды концерттерден сахнадан эмес, тйолордон көбүрөөк тааныйсың дешет. Сиздин буга оюңуз кандай?

-Тойдон көп таанып калышты дегени  ырчылар агымга карап кетет экенбиз да. Бизден мурунку муундагы ырчылар тойго көп  чыккан эмес.   Азыр эми заман ушундай болуп жатпайбы ушул нерсеге туура келип жатат десем болот.  Бул дагы бир кезиндеги өзүнчө бир  агым деп ойлойм. Тойго ырчылар барып  ырдаганы жакшы эле нерсе го.   Ырчынын тилеги  жакшылык  дегендей.  Тойдо ырдагандын жаман жагы деле болбосо керек. Тескерисинче  жакшылык күндөрдө кызмат кылганга эмне жетсин. Балким бара-бара  убагы келгенде бул агым да жоголот чыгаар. Биз азыр маданият тармагында ушул доордо жашап жаткандырбыз.  Ырчылар менен элдин ортосундагы байланыш той болуп турса жакшы да.  Качандыр бир убактарда мезгил келип бул тойлор жок болуп,  башка нукка өтүшү да мүмкүн. Элүү жылда эл жаңы деп коюшат эмеспи кыргыз элинде.

–Тойдо атайын ставкаңыз барбы? Кээде тойдон баш тарткан да учурларыңыз болобу?

–Эки үч той алыскы аймактардан болуп калса баш тартканга туура келип калат. Ооба атайын  ставка бар. Бирок   ачык  айтпай эле коёюнчу, сыр бойдон эле калсын. Эң негизгиси келишим баада.  Арасында дос, тууган, тааныштар бар дегендей.  Эгер бир күндө эки үч тойго барыш керек болсо ставка көтөрүлөт.   

– Спорттун кайсы түрү менен алектенесиз? Келбетиңизди көзөмөлдөп турасызбы?

 –Албетте келбетиме көңүл бөлүп спорт менен алектенип турам. Негизинен спорттун баардык эле түрүнө кызыгам. Мурун арык эле бала болчумун, акыркы убактарда толуп бара жатканымды байкап, салмак ташташ үчүн спорт менен достошуп жаткан учурум. Кудайга шүгүр, жакшы жыйынтыгын берип салмак таштадым дегендей. Буга чейин дагы айтып эле жүрөм улак тартканга да абдан кызыгам. Кыргыз эли жылкы жандуу болгон эмеспи.   Ошондой эле саясапкерликке кызыгам,  кези келгенде  тулпар таптап калаарбыз.

–Башка ырчыларга салыштырмалуу сизди гезит беттринен интернет булактардан көп көрбөйбүз өзүңүздү пиарлаганды жактырбайт окшойсуз?

–Ооба мен деле башкалардай болуп өзүмдү пиарласам болот.    Балким бизде деле кемчилик бардыр.  Ырларды  жаздырып, клип тарттырып  теле радиолорго алып барам. Бирок  айрым телерадиолор ырларымды эфирден беришсе, айрымдары кабыл албай да коюшат. Ырларымды кетирбей жаткан теле радиолордун балким өзүнчө бир сыры бардыр ким билсин. Ал эми чыгармаларымды эфирден кетирип жаткан теле радиолорго ыраазычылыгымды билдирем. Негизгиси  менин эң сүйүнгөн жерим Кудайга шүгүр,  өзүмдүн күйөрмандарым, угармандарым бар. Ырларым теледен кетпей калса эле жерде калган жери жок. Учурда интернет тармагы өнүккөн убагы эмеспи. Элдер  интернеттен, жана дагы  уюлдук телефондор аркылуу  угуп жатышат. Ушул нерсе эле жетиштүү болсо керек деп ойлойм. Албетте эл өзүнө керектүү музыканы бир эле теле радио тармактан эмес, интернет тармактан деле издеп таап алышат экен. Өзүм чуркап деле радиолорго барып ырларымды кетиргиле деп аракет кылбайм.    

–Интернет тармагындагы сизге карата айтылган сын пикирлерди  кандай кабыл аласыз? Аларды көзөмөлдөп турасызбы?

 –Негизинен ал жакта мага айтылган сын пикирлер ашыкча деле айтылбайт.   Сын жазгандады туура эле кабыл алам. Айрымдары туура айтса, кээ бирлери туура эмес айткандары да бар дегендей. Беш кол тең эмес экен да. Баардык адамдарга жагуу мүмкүн эмес го. Антсе да ар бир ырчынын өзүнүн күйөрмандары бар эмеспи. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ырларымды баалап, уккан угармандарым жок эмес. Ар бир адам  өзүнүн деңгээлине жараша дейт эмеспи. Өтө төмөн деңгээлге түшкөндөрү да бар айтор.  Бирок мага андай сын пикирдин айтылуусу азыркы мезгилде  анча деле таасир бербейт. Мурун баарын жүрөгүмө жакын ала берчүмүн. Бара-бара көнөт экенсиң. Алардын ар бирине теригиштин деле кереги жок экенин түшүндүм.  Тескерисинче интернет тармактардан мага карата көбүрөөк жакшы  сындарды айтышат. Дем күч берип жазган күйөрмандарым көп. Ошол эле Бишкекке да жеке концертиңизди качан бересиз деп сурангандары да бар.   

  

–Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз? Кошумча киреше тапчу булагыңыз барбы?

–Кошумча киреше булагым жок. Чыгармачылык менен эле алектенүүдөмүн. Бир кездерде  башка иштер менен алек болойун деп чыгармачылыкты таштаганга аракет кылгам, бирок менин көнгөн ишим ушул чыгармачылык экен. Албетте ыр жаздырып, клип тартуу оңой олтоң иштерден эмес антсе да чыгармачылыгым менен каражат таап баарын өзүм эле каржылап келе жатам. Өзүмдүн колуман келе турган жүрөгүм менен берилип кылган ишим ушул чугармачылык экен. Чыгармачылык мени жипсиз байлап турат десем болот. Анткени адам өз сүйгөн кесибинин ээси болгон кезде гана жумушуңан рахат алып, анын канчалык кыйынчылыгы болсо дагы билинбейт эмеспи. Андыктан чыгармачылык менин эн негизги кесибим деп айтаар элем.

 –Чыгармачылык деп калдыңыз сахнада эл алдына чыгыр чыгарманы аткарып жатканда эмнени ойлоносуз?

 –Чыгарманы аткарып жатканда ошол ырдын образына киресиң  аткарып жаткан чыгармаң менен жашап,  жан дүйнөңө батырасын дегендей. Ошол ырды берилүү менен ырдап ойлоносуң. Анан албетте  элдин жакшы кабыл алса экен деген да ойлор болбой койбойт. 

–Шоу чөйрөсүндө жүргөнүңүзгө 10 жылга жакындап калды окшойт ак караны ажырата алдыңызбы? Эмнелерди жоготуп эмне таптыңыз?

– Мен чыгармачылыктан албетте жакшы санаалаш досторду таптым. Билинбей эле шоу чөйрөсүнө аралашканыма сегиз жылдын жүзү болуп калды. Бул жаатта  ага ини,  карындаш адамдар менен  ымала  кылып, ар бир адамдын өзүнө жараша мамиле кылганды психологиялык мүнөздөрдү  үйрөндүм.  Адамды дагы жакшы жака үндөсөң жакшы болот эмеспи. Жакшыны да жаман дей берсең жаман болуп кетет. Жакшы сөз айтсаң жылан ийининен чыгат дегендей, Кудайга шүгүр, баары менен жакшы мамиледемин.  Баардык эле адамдар жакшы.  Ал эми ошол эле  кара деп калдыңыз. Жан дүйнөсүнөн бирөөгө бир жакшылык каалабаган  адамдар да бар. Бирок алар өз жолу менен  дейт элем. Эми андай адамдарды Аллах деле көрүп турат дейтго. Мен өзүмө кандай жакшы нерселерди кааласам, башкаларга да ошолорду каалайм.   

–Кыргыз элине эмне дейт элеңиз?

–Жалпы кыргыз элибизди, жумурай жутрубузду   жаз айы менен куттуктайм. Жаз бул өзгөчө айлардын бири эмеспи. Элибизде тынччылык, токчулук барчылык болсун.  Жадыраган жаз айыбыз, дегеле 2018-жыл токчулуктун эсенчиликтин молчулуктун жылы болсун. Ар бир кыргыз үйүндө жалаң жакшылыктар гана  болуп, наристенин шыңыр күлкүсү жаңырып турсун демекчимин. Анан албетте баардык кыргыз элимди 27-мартта  өтө турган жеке концертиме чакыра кетмекчимин. Сиздерге кызмат кылууга даярбыз. Андыктан келип көңүл ачып кетиңиздер! Ал эми ушул эле концертибизди түштүк жергесине да тартууламакчыбыз!     

Булак:Каганат

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

20 + эки =