Футбол: Эртең Кыргызстан менен Индия курама командалары беттешет

0

Каганат.

Эртең, 27-мартта Бишкекте Кыргызстандын футбол курама командамасы менен  Индиянын курама командалары беттешет. Оюн келээрки жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт.

 Беттеш  саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган. Кыргызстан бул оюндан жеңилип калган учурда да жолдомо жокко чыгарылбайт.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × бир =