Мьянма командасынын машыктыруучусу Кыргызстанга жеңилүүдөн кийин отставкага кетти

0

Каганат.

Мьянманын футбол боюнча курамасынын машыктыруучусу Кыргызстанга жеңилүүдөн кийин отставкага кетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Анда маалым болгондой, Немистик адис Герд Цайзе менен келишим  9 айдан кийин соңуна чыкмак.

Бирок Азия кубогунун тандоо турунда Мьянма  1:5 эсебинде утулгандан кийин машыктыруучу мөөнөттөн мурда кызматтан алынды.

Белгилей кетсек, 22-мартта Түштүк Кореяда Кыргызстандын командасы Мьянманын курама командасын 5:1 эсебинде жеңгенден кийин 2019-жылы өтө турган Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Ал эми бүгүн 27-мартта Бишкекте Кыргызстандын футбол курама командамасы менен  Индиянын курама командалары беттешет. Оюн келээрки жылы Бириккен Араб эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына тандоо алкагында өтөт.

 Беттеш  саат 20:00дө борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук стадиондо башталат.

 Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 1 =