Футбол: Кыргызстан Индия курамасын жеңди

0

Каганат.

Кечээ, 27-мартта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Индияны утту.  Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Оюн эсеби Кыргызстандын пайдасына 2:1 менен жыйынтыкталды. Бизге жеңиш алып келген топторду 2-мүнөттө эле Антон Землянухин жана  71-мүнөттө Мирлан Мурзаев киргизди.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири болчу. Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, андан Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

20 + 5 =