“Мегакомду” сатып алууга 4 компания кызыкдар болууда

Каганат.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев “Мегакомду” сатып алууга 4 компания кызыкдар болуп жатканын айтты.

 Түлебердиев “Мегаком” боюнча 2-мартта баалоо мөөнөтү бүткөн.

“Кызыкдар болуп жаткан компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрө элек. Учурда документтер жана башкалар такталып жатат”, – деди.

 Белгилей кетсек, буга чейин “Альфа Телеком” ишканасын орусиялык ишкер Елена Нагорная сатып алары айтылган. Бирок тараптар сатык шарттары боюнча бир пикирге келе албай, кыргыз өкмөтү Нагорная менен сүйлөшүүнү токтоткон.

“Мегаком” деген соода маркасы менен белгилүү “Альфа Телеком” уюк байланыш компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууга Елена Нагорная аттуу орус жараны арыз бергени быйыл сентябрда маалым болгон. Ал ортодо Интернетте Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенери ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция саларынан шек саноо, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер “Мегакомду” кантип иштете алат деген түкшүмөл ойлор жаралган.

Кыргыз өкмөтү “Альфа Телекомду” алгач 2015-жылы сатыкка чыгарган. Андан бери үч жолу сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. Акыры быйыл компаниянын баасы 13 миллиард 500 миллион сомго чейин төмөндөтүлүп, түз сатуу боюнча чечим кабыл алынган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 5 =