Атамбаев: “Мага ишенип койгула Асылбек Жээнбековдун ЖКда отурушу президентке терс таасирин тийгизет”

1

Каганат.

Мурдагы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун Жогорку Кеңеште отурушу  президентке терс таасирин тийгизээрин айтты.

Асылбектин парламентте отурушу президентке тескери таасирин тийгизет. Бул тууралуу экс президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Асылбек Шариповичти сыйлайм, партия үчүн бардык аракетин көрдү. Бирок партиянын үзүрүн ал да көрдү. Депутат, спикер болду. Мага ишенип койгула, Асылбек Шариповичтин парламентте отурушу Сооронбай Жээнбековго тескери гана таасирин тийгизет. Президенттин инисинин депутат болуп парламентте отурганы туура эмес. Ал Сооронбай Жээнбековду угабы билбейм. Жээнбековдун парламентте отурганы Сооронбай Шариповичке жакшы көрүнүп жаткандыр, бирок мунун аягы жакшылыкка алып барбайт»,- деди Атамбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн КСДПнын курултайы  жабык эшик артында өттү. Анда Алмазбек Атамбаевди КСДП партиясына төрага  болуп шайланды.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Аноним 1 Апрель, 2018 at 10:35 Жооп берүү

    Качантан бери козу ачык болуп калган,озунун баласы да жакшы жерди ээлеп отурат,убагында экс президентке да туугандарын кетсин дегенде ,алар мурдатан иштейт алар да оз уйбулоолорун башыш кк эмне аларды иштен алып коюп мен багамбы деп кутулган.Эми мынтип азыркы президентке асылганы туура эмес.

Пикир

үч × төрт =