1,5 миллионго даараткана кургандар бир мектепти бүтүргөнгө кудуреттери жетпейби?

Каганат

Чатырларда жана жеке үйлөрдө окуп жаткан балдар үчүн мектеп курулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев буга чейин өлкө аймагы боюнча 193 мектептин имараты авариялык абалда деп эсептелип келсе, учурда 169 мектеп авариялык абалда.

-Алардын абалы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу бар. Азыр биз 24 мектеп боюнча текшерүү ишин аяктап, айрымдарын ал тизмеден чыгардык, дагы 29 мектептин имараты боюнча сунуштама берилди, – деди ал.

Абдиев авариялык мектептердин саны азайды дегени менен вице-премьер министр Дайыр Кенекеев учурда өлкө боюнча 3 мектеп чатырга көчүрүлгөнүн айтты.

Балдар биздин келечегибиз деген өлкө биринчи кезекте келечек муундун сапаттуу билим алуусуна көңүл бурушу абзел. Бирок, тилекке каршы Кыргызстанда мектеп имараттары жараксыз абалга кептелип  окуучулар чатыр, боз үйлөрдө да билим алган  учурлар азыр да жок эмес. Эгерде келечек муунга бүгүн кам көрө албасак, анда өлкөнүн эртеңи жөнүндө ойлонуунун кереги барбы?

Учурда, Нарын облусундагы 141 мектептин жыйырмадан ашыгы авариялык абалда. Алардын айрымдары боюнча Өзгөчө кылдаалдар министрлиги “кулап калуу коркунучу бар, кирүүгө болбойт” деген бүтүм чыгарып берген. Бирок “мектепке ылайык башка имарат жок” деген жүйөдөн улам аларда сабак өтүлүп жатканы маалым.

Ошондой эле деңиз деңгээлинен 3000 мертден ашык бийиктикте жайгашкан Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылынын эң башкы маселеси мектеп. Тоо боорундагы айыл район борборунан 150 чакырым алыс жайгашып, окуучулар каттап окууга мүмкүн эмес.

Талас: Окуучулар сегиз жылдан бери авариялык абалдагы мектепте окушат

Ал эми  1 миллион 400 миӊ сомду аябай даараткана куруп, эч кимди киргизбей “кулпулап” отурган Таласта облусунун Кара-Буура районунун Көк-Дөбө айылында жаңы салына баштаган мектептин курулушу беш жылдан бери бүтпөй, окуучулар сегиз жылдан бери авариялык абалдагы мектепте окушат.

Ата-энелер маселе тезинен чечилбесе, балдарын окууга жиберүүдөн баш тартабыз деген талаптарын айтса,  мугалимдер урайын деп турган имаратты жыл сайын жамап-жазгоодон тажаганын айтышат. Миллиондорду даратканага сарптагандан уялбаган жетекчилер, сегиз жылдан бери бир мектепти бүтүрүүгө кудуреттери жетпей келет. Демек облус жетекчилери үчүн келечек муундун тагдырынан дагы даараткана баалуу десек жаңылбайбыз.

Ыссык-Көл: 41 мектеп авариялык абалда

Куларына аз калган мектептерден Ысык-Көл облусу да кур эмес. Облустук билим берүү институтунун координациялык кеңешмесинин маалыматтына таянсак,  41 мектеп авариялык абалда.

Анын ичинен 23 мектепти жаңы  куруу зарыл болсо, 18 мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек.

Жалал-Абад: Балдардын коопсуздугу үчүн өзүбүз жооп беребиз

Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 28 мектеп жараксыз абалда окуучуларга билим берип келүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24 мектепке “авариялык абалда” деген бүтүм чыгарган.

Мисалы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Суу айылындагы бир кабаттуу имарат жараксыз абалда деген тыянакты 2006-2008-жылдары эки ирет чыгарган. Ага карабай эскилиги жетип, дубалдары көчө баштаган бул имаратта балдарга билим берүү улантылып келет.  Айыл тургундары 2016-жылы мектептин чатыры кулап түшүп, 500 миң сомго кайра эптеп тургузгандарын айтышат.

Мектеп жетекчилиги эскилиги жеткен мектепте  балдардын өмүрү кооптуу экенин, ошентсе да балдарды билимден өксүтпөйлү деп окутуп жатышкандыктарын, бирок айрым ата-энелер балдарын окууга жөнөтүүдөн баш тартып жаткандыгын айтат.

Ал эми эскилиги жеткен жыгач мектептин ордуна заман талабына жооп берген имарат куруу демилгесин 80-жылдары совет бийлиги да, Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда да көтөрүп, бирок курулуш аягына чыкпай калган.

Кагаз түрүндө  250 окуучуга ылайыкташкан эки кабаттуу, жаңы мектеп куруу үчүн республикалык бюджеттен 56 млн сом каралып, 2015-жылы алгач 3 млн сом каражат которулган. Бирок ал суммага жаңы имараттын пайдубалын куруу үчүн жер даярдалып, казылган бойдон калып кеткен деген маалыматтар бар.  Айыл тургундарынын айтымында 3 млн сом эмес ал жерде 300 миң сомдук да жумуш жасалган эмес.

Ал эми эскилиги жеткен мектептин абалын А. Кодуранова, О. Артыкбаев көрүп кеткени. Бирок, бүтүндөй айыл тургундарын түйшөлткөн бул маселе КСДПчыларды андай деле ойго салып түйшөлтпөгөндөй. Анткени айыл тургундары бул эл өкүлдөрүнөн андан кийин кабар болбогонун айтышат. 

Ал эми Сузак районунун көп улуттуу Багыш айыл аймагындагы жараксыз деп табылган №52 мектепке ата-энелер балдарын кайра киргизип алышкан. Алар  «эгер кокустук болуп кетсе балдарыбыз үчүн өзүбүз жоопкерчилик алабыз” деп түшүнүк кат да жазып беришкен.

Ата-энелер мектепти жараксыз деп тапкан райондун бийлигине көп жылдан бери иштеп келе жаткан мектепти жабууга биз жол бербейбиз. Чоңдор биздин мектепке асылганды токтотуп башка иштери менен алек болушсун деген жообун айтышкан.

Ал эми 2017-жылы 24-апрелде билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламентте маалымат берип жатып Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, алардын 56сы Ош, ал эми 42си Ысык-Көл облусунда экенин айткан.

Министр айымдын маалыматтына таянсак, өлкөдөгү 2222 мектептин 193ү авариялык абалда.  Анын ичинен 12 мектеп “кызыл тизмеге” кирет.

Ошондой эле Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстандагы авариялык мектептердин жагдайын талдаган көлөмдүү баяндамасында Ак-Талаа, Кара-Суу, Сузак райондорунда, Бишкектин четинде уавариялык абалдагы мектептер бар экендигин  ЮНИСЕФ жана ЮСАИД 2013-жылы иликтөө жасап, Кыргызстандагы мектептердин 80% кооптуу абалда деп жыйынтык чыгарганын билдирет.

2016-жылдагы капиталдык салымдар боюнча өкмөт мектеп, бала бакча, спорт жайлары өңдүү объектилердин салынышы боюнча 220дан ашык долбоорду каржылаган. Анын ичинен:

-Лейлек району -9 объект, 

-Кара-Суу району   – 9 объект

-Өзгөн району  – 9 объект, 

-Кара-Кулжа району  – 8 объект, 

-Ноокат району  -7 объект

-Кочкор району -8 жаңы объект салдырууга үлгүрүшкөн. Саясий серепчилер айрым райондор бир дагы объектке илинбей жатканда, шыктуулар бир нече объект салдырганга жетишүүсүн Жогорку Кеңеште аталган региондордон депутаттар, аткаминерлер, бийликтеги таасирлүү адамдар көп экенинен кабар берерин билдиришет.

Ал гана эмес 23-январда “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” президенттин жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу топ алгачкы жыйынында  Сооронбай Жээнбеков депутаттар, аткаминерлер “өз көмөчүнө күл тарткан” учурлар бар экенин, мунун кесепети оор болорун эскерткен.

– Региондордун өнүгүшүндөгү дисбаланс көп жылдардан бери жоюлган жок. Дисбаланс көрүнүп турат, бири өнүксө, бири каралбай калып калууда. Анткени күчтүүсү бюджеттик да, гранттык да, насыялык да каражатты тартып кетип жатат. Жашырганда эмне, кайсы региондон чиновниктер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатат- деген  президент Жээнбеков.

Кыргызстанда жети облус, 40 район, 453 айыл өкмөтү бар. Анын 84,3 пайызы (338 айыл өкмөт) дотацияда отурат. 2017-жылы дотацияда отурган аймактарга 2 миллиардга жакын сом бөлүнгөн.

Булак: Каганат.

 

Бөлүшүү:

Пикир

8 + эки =