Иш таштаган маршрутка айдоочулары кечке чейин ишке чыкмай болушту

 Каганат.

Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, Бишкекте иш таштаган маршрутка айдоочулары кечке чейин ишке чыгат.  

Маалым болгондой, бүгүн мэрияда маршруттук компаниянын жетекчилери менен мэр, Транспорт министрлигинин өкүлү жана Жол кыйымылы коопсуздугунун жетекчисинин катышуусунда жыйын өттү.

“Маршуткаралар бүгүн эле каттамга чыгат, азыр жетекчилери айдоочулар менен сүйлөшкөнү кетишти. Маселени түшүндүрөт, кечке чейин каттап калат” деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташкан. Буга бир нече себептер айтылууда.

Ал ортодо Бишкек мэриясы айдочулар койгон талаптардын бири да аткарылбай тургандыгын билдирген болчу.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

9 + он алты =