Ак калпакты мазактагандарга айып салынат

Каганат.

Жогорку Кеңеште  ак калпакты мазактоо үчүн жазага тартууну сунушталууда.

Административдик кодекске өзгөртүүлөргө ылайык, улуттук баш кийимди кемсинтүү үчүн 2 миң сом айып тагылат.

Бул боюнча Административдик кодекске өзгөртүүнү Жогорку Кеңештин депутаттары Экмат Байбакпаев жана Бакирдин Субанбековдор сунушташууда.

 Ошондой эле президент баш болуп, өлкө жетекчилиги эл аралык деңгээлдеги расмий жолугушууларга ак калпак кийүүгө милдеттүү болот.

Белгилеп кетсек, буга чейин айрым депутаттар ак калпакты чет өлкөдөн алып кирүүгө дагы тыюу салууну сунушташкан.

Мындай демилге улуттук баш кийим кээде синтетикалык кездемеден сапатсыз жасалып, аны чет элдиктер тарабынан кабыл алынышына терс таасир тийип жатканы менен түшүндүрүлгөн.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 17 =