Р.Мирзаматов: “Айрым атамекенчилер алдамчылык менен өзүнө упай топтоп, жол ачуудан алыс болсун”

Каганат

Ушул жылдын 29-март күнү «Ата Мекен” фракциясынын лидери Шыкмаматовдун БШКга жолдогон каты интернет булактарына жарыяланган. Анда партиянын талапкерлер тизмесиндеги Клара-Гүлнара Самат, Ташболот Балтабаев, Талант Узакбаев жана Рысбек Мирзаматовду талапкерлер тизмесинен чыгаруу өтүнүчү жазылган.  Каганат сайты бул маселе боюнча  Рысбек Мирзаматовго кайрылып окуянын –чоо жайын билүүгө аракет жасады.

Рысбек Мамырович, жакында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов бул партиядан Жогорку Кеңешке депутат боло турган талапкерлерди тизмеден чыгаруу боюнча БШКсына фракциянын атынан кат жолдоду. Ал жерде сиздин да аты жөнүңүз айтылууда?..

– «Ата Мекен» фракциясынын лидери Шыкмаматовдун борбордук шайлоо комиссиясына жолдогон каттын мен массалык маалымат каражаттарынан окудум. Бул мен үчүн эле эмес «Улуттар Биримдиги» партиясы үчүн да күтүлбөгөн жаңылык болду.

Анткени, биз 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын жана «Улуттар Биримдиги» партиясынын лидерлери кол койгон стратегиялык өнөктөштүк келишимдин негизинде шайлоого барганбыз.

Бул  кимдир бирөөлөрдүн эсинен чыгып кетсе эстетип койгум келет. Ошондуктан өзүн саясий чөйрөдө лидермин деп алып жүргөн адам мындай катачылыкка жол бербеши керек болчу. Чоң саясаттын аламан байгесинде ат салышып жүргөн адам ар дайым өз принцибинде туруп, ар-намысты баарынан жогору коюушу абзел. Ошондуктан айрым атамекенчилер саткындык, алдамчылык менен өзүнө упай топтоп, жол ачуудан алыс болушун суранам.

– «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин «күтүлбөгөн» бул кадамынан кийин аны менен байланыштыңызбы?

 – Алмамбет Шыкмаматов менен телефон аркылуу байланыштым. Ал борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жолдонгон катка менин аты-жөнүмдү «жөн эле» кошуп коюшкандыгын айтып, менин бул маселеге көңүл бурбай эле коюумду суранды.

Шыкмаматов борбордук шайлоо комиссиясына жолдонгон кат  төрт талапкердин “жетиштүү добуш албасак, тизмеден чыгабыз” деген тил катынын негизинде жазылганын айтты. Балким сиз шайлоодо жетишерлик добуш алган эмес чыгарсыз…

– Биринчиден Шыкмаматовдун каты талапкерди тизмеден чыгарууга негиз боло албайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов да массалык маалымат каражаттарына «Шыкмаматовдун талапкерлер тизмесин өзгөртүү боюнча катында мыйзамдуу негиз жок» деп так жообун берди. Мыйзам боюнча тизмеден чыгуу үчүн ар бир талапкер өз колу менен арыз жазышы керек.

Экинчиден келишимге ылайык талапкер шайлоо алдында жетиштүү добуш албаса   тизмеден чыгуу үчүн өз арызын жазат. Мен шайлоодо бүгүнкү күндө бул партиядан депутат болуп отурган айрым адамдарга караганда жетиштүү добуш алгам.  

Ошондуктан борбордук шайлоо комиссиясына 2015-жылы шайлоо учурунда жазылган арызымды кайтарып алуу үчүн жана менин катышуум менен гана арызымдын каралышын өтүнүп кат жолдодум. 

Биздин партия ар дайым мыйзам чегинде иш жасап келген. Мындан аркы кадамдарыбыз да мыйзам чегинде болот.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он алты + 7 =