Президент Жээнбековду Түркиянын вице-премьер-министри тосуп алды

0

Каганат.

Президент Жээнбековду Түркия вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу тосуп алды.

Маалымдалгандай, Президент Сооронбай Жээнбековду  Түркияга болгон расмий сапарында  Түркиянын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунда тосуп алды.

 Мындан сырткары  Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Аймактык гарнизондун жетекчиси Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдор да болду.

Аэропортто  ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Эске салсак, расмий сапардын жүрүшүндө Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган  менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Андан тышкары Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен да кезигет.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

7 − 7 =