Депутат Айтматовдун 90 жылдык маарекесине даярдыктар начар жүрүп жатканын айтты

Каганат.

Быйыл залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленет. Эл арасында маарекеге даярдыктар начар жүрүп жатат дегендей пикир жаралууда. Ошондуктан, маарекеге даярдык көрүү иш-чараларын жандырууга тийишпиз. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Бир топ чет өлкөлөрдө көчөлөргө Айтматовдун ысымы ыйгарылып, анын чыгармачылыгына арналган иш-чаралар байма-бай өтүүдө. Элчилер мындай чараларды дагы арбытууга тийиш. А, биздечи? Бизде андай иштер анчалык байкалган жок. Мисалы, жазуучу туулган Шекер айылында «Шекер-Ордо» комплекси курулмак, азыр анын абалы жөнүндө так маалымат жок», – деп кошумчалады эл өкүлү.

Бөлүшүү:

1 комментарий

  1. Бермет Аманат 12 Апрель, 2018 at 10:29 Жооп берүү

    Убагында Айтматовдун атын түбөлүк калтырууда кемчиликтер кеткен, ошол убактагы бийлик ичи тардык кылып койгон, азыр 90 жылдыгына арнап Бишкектин бир районуна, мисалы Биринчи Май районуна атын берсе туура болмок,себеби залкар жазуучубуз өзү өмүр бою ушул райондо жашаган.

Пикир

3 + алты =