Футбол: Кыргызстан ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 40 позиция жогорулап, 75-сапка жайгашты

0

 Каганат.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы дүйнө боюнча «Айдын эң мыкты командасы» деп аталды.

  Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип   115-орундан дароо 40 позиция жогору секирип, 75-сапка жайгашты. Бул жылыш бардык курамалар арасында эң мыкты болуп калды.

Мындан тышкары, Кыргызстан өзүнүн улуттук рекордун дагы жаңылады. Буга чейин анын рейтингдеги эң жогорку позициясы 99-чу болчу.

Эске салсак, мындай ийгиликке курама өз тарыхында алгачкы жолу Азия кубогунун финалдык раундуна чыкканы себепкер.

Маалымат үчүн: Март айында Кыргыз курама командасы 2 беттеш өткөрүп жеңишке жетти. 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында Мьянма менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңип алса, 27-мартта Бишкек шаарында Индия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алган. Бул жеңиштердин жыйынтыгында, Кыргыз курама командасы 424 упай топтоп, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлдү. Муну менен футбол боюнча кыргыз курама командасы  Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Ливан курама командаларын артка калтырды.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир + 10 =