Өкмөттү отставкага кетирүү аракети башталды

Каганат

Эртең «Ата Мекен» жана  «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы 2017-жылда аткарган иштери боюнча өкмөттүн отчетун угат. Бул тууралуу аталган фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, эртең кол топтолуп анан  өкмөттү отставкага кетирүү маселеси каралат. Иманалиев азыр өкмөттү отставкага кетирүүгө “Ата Мекен” фракциясы менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы макул экенин кошумчалайт.  Ошондой эле эл өкүлү өкмөттү  отставкага кетирүүнүн себеби эртең айтыларын билдирет.

Кечээ 11-апрель күнү КСДП фракциясы өкмөттүн отчётун карап “канааттандырарлык” деп тапкан.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он беш − он =