“Ала-Тоо” рестораны кайрадан иштеп баштады

Каганат.

Үйлөнүү тойдон 250 адам ууланган “Ала-Тоо” рестораны кайрадан иштеп баштады.

 Учурда тойлорго тапшырыктар мурдагыдай эле кабыл алынып жатат.

Эске салсак, Бишкектеги ресторанда 30-мартта үйлөнүү тою болуп, коноктор жана кешик жеген алардын жакындары тоок этине ууланышкан.

Текшерүүдө тамак даярдоо жана санитардык эрежелер бузулганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ресторан жабылган.

Жакында саламаттыкты сактоо министрлиги бузуулар жөнгө салынганын жана аталган жай кайра иштерин жарыялаган болчу.

Ал эми аталган ресторан өкмөт башчы Сапар Исаковдун таежесине таандык экендиги айтылган. 

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 5 =