Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылды

0

Каганат.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, Асылбек уулу Дамирбек депутаттык мандатынан ажыратылды. 

Маалым болгондой,  Асылбек уулу Дамирбек башка өлкө жараны болгондугу тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирүү келип түшкөн.

Асылбек уулу Дамирбектин мандаты “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде кийинки кезекте турган жеке ишкер  Насыр Мусаевге өтүшү күтүлүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаты Асылбек уулу Дамирбек Алматада атайын операциянын жүрүшүндө контрабандага айыпталып кармалган. Кийин ал Казакстан жараны экени аныкталды.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

1 × беш =