Бүгүн БШКда Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыратуу маселеси каралат

0

Каганат.

БШКдан билдиришкендей бүгүн, 16-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт.  

Маалым болгондой,  Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар деген документ келген.

Асылбек уулу Дамирбектин мандаты “Кыргызстан” партиясынын тизмесинде кийинки кезекте турган жеке ишкер  Насыр Мусаевге өтүшү күтүлүүдө.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаты Асылбек уулу Дамирбек Алматада атайын операциянын жүрүшүндө контрабандага айыпталып кармалган. Кийин ал Казакстан жараны экени аныкталды.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × эки =