Бүгүн Жогорку Кеңештин үч комитети өкмөттүн отчётун карайт

0

Каганат.

Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин үч комитети өкмөттүн отчётун карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой,  Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун карамакчы.

Эске салсак, өткөн жумада өкмөттүн отчётун Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы угуудан баш тарткан. Буга премьер-министр Сапар Исаковдун жыйынга келбей калышы себеп болгон. Ал эми КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары буга чейин өкмөттүн отчётун “канааттандырарлык” деп тапкан.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × беш =