Болот Сүйүмбаев жаңы кызматка дайындалды

0

Каганат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей,  Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалды.  

Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

 Белгилей кетсек,  7-апрелде Болот Сүйүмбаев берген арызынын негизинде УКМКнын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулган.

Ал эми  Осмонов Замирбек Бабакулович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 + 15 =