Дамира Абирова: “Мен башымды бийик көтөрүп, актыгымды далилдейм”

8

Каганат

2017-жылдын күз айынан баштап  Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын Хасан Жээнбаев атындагы мектеп лицейинин директору Жаныш Сулайманов, Бактуу-Долоноту айылынын орто мектебинин жетекчиси Майрам Атаева жана Булан-Сөгөттү айылынын мектеп директору Гүлназ Сыдыкова кызматтан негизсиз боштулганын айтып даттанып келишет. Иш укук коргоо органдарына чейин жетип, билим берүүдө республика боюнча алдыңкы орундарды эч кимге бербей келген аталган райондун агартуучулары эки жаатка бөлүнүп өз чындыгын талашууда. Биз бүгүн окуянын чоо-жайын билүү үчүн  Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова менен маектештик. 

Билим берүү тармагында мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган жааматтын ортосунда жик кетип, кесиптештериңиз нааразчылык акциясын уюштурууга жетишишти. Мунун себеби эмнеде- деп ойлойсуз?

-Былтыр жыл аягында Ысык-Көл районундагы Бостери айылынын Хасан Жээнбаев атындагы мектеп-лицейинин директору Жаныш Сулайманов, Бактуу-Долоноту айылынын Т. Алиев орто мектебинин жетекчиси Майрам Атаева жана Булан-Сөгөттү айылынын Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин директору Гүлназ Сыдыкова кызматтан бошотулган.

Ар бир жетекчи кол алдында иштегендер менен эмгек келишимин түзөт. Мен да ушул жылдын ноябрь айында эмгек келишими бүткөндүгүнө байланыштуу биздин райондогу 2 мектептин директорун ээлеген кызматынан бошоттум. Ошол мезгилден бери алар ар кандай инстанцияларга кайрылып башташты. Бул убакта дагы 2 директор окуучулардын жетишкендиги төмөндөп кеткендиктен сөгүш алган. Аларга кийинки жылы эмгек келишими узартылбашы мүмкүн экени эскертилген. Директорлор кызматтарында калуу үчүн мени кызматымдан алуунун жолун издеп башташты.

Мына ошондон кийин эле 20-октябрдан баштап бул адамдардын менин үстүмөн арыз жазбаган жери калган жок. Билим берүү министрилигинен баштап Башкы прокуратура, УКМК баарына жазышты. Эми ал жердеги мен жөнүндө жазылган жалган жалааларды окуган адамдын төбө чачың тик турат. Арыз менен кайрылуу келип жаткандан кийин тийешелүү укук коргоо органдары эч кандай реакция кылбай кое албайт да.

2017-жылдын октябрь айынын аягынан баштап райондук прокуратура эки ай текшерди. Анан иш облустук прокуратурага өттү. УКМК карап баштады. Аягында облустук прокуратура менин эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганымды далилдеп кортунду чыгарып берди. Бул дагы мен үчүн чоң жетишкендик деп кудайга миң мертебе ыраазычылык билдирем.

Азыр мен күбө катары өтө турган дагы бир чоң иш турат. Ал окуучулардын тамак-ашы боюнча өткөн тендер тууралуу. 2016-жылы мектептердин ремонту, 2017-жылы алынган кеңсе товарлары  жана  турмуш-тиричилик буюмдары боюнча өткөн тендерлерди Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тергеп жатат.

Ал эми алар элди нааразычылык акциясына эмес айрымдарды чогулушка деп, айрымдарды ата-энелер чогулушу болот деп чакырышыптыр. Анан жүргүлө катышып бергиле десе айрымдары биз аны тааныбайбыз деп кетип калган учурлар да болуптур. Ал эми пикетке чыккандардын көпчүлүгү жогоруда аты аталган адамдардын жакындары туугандары экен. Алар билим берүү тармагында иштебесе мага кантип баа беришет?

-Жаныш Сулайманов тескерисинче ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча өткөн тендердин иштерине кийлигишчү деп сизди күнөөлөп чыкты го…

 – Ж.Сулайманов ушул жылдын 2-декабрында социалдык түйүнгө видео кайрылуу жарыялаган. Анда менин коррупционер экенимди айтып, менин намысыма шек келтирген. Мен андан  андан эмне үчүн буга чейин мага келип, бул көйгөй тууралуу айтпаганын сурадым. Ал кыйкырып, мени уккусу келген жок. Ошондой эле, ал райондук коллегияда мени кызматымдан алдыртарын айтты.

Ал эми, тендерди мен өткөрбөйм. Билдирмени мектептин директору өзү берет. Жалпы тендерди райондук билим берүү бөлүмү жарыялап, тендердик комиссияны дайындайбыз. Бардык материалдар порталга жүктөлгөндөн жана тендер өткөрүлгөндөн кийин биз жеткирип берүүчү менен келишим түзөбүз. Эгер ага алынып келген продукция жакпаса, ал баш тартса болот. Ал картошка жеткирилгенден кийин кимдир бирөөнүн айтымында акт түзгөн. Эмне үчүн ал продукцияны өзү кабыл албайт? Анан бир жылга деп бир тонна картошканы бир алып алса, албетте чирийт да. Бул окуядан соң мен мектеп окуучуларынын тамак-аш коопсуздугун көзөмөлгө алып, мектеп директоруна ишенбөөчүлүк көрсөткөм. Мен бул мектептин директорун окуучулардын коопсуздугу үчүн кызматтан алгам. Эгер ал бардыгын көзөмөлдөбөсө анда мындай жетекчини кармагандын кереги барбы?

– Облустук прокуратуранын сизге карата эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганыңыз тууралуу кортундусу чыкса, билим берүү министрлиги далилсиз, жалган жалаа жаап жаткан адамдарга чара көрдүбү?

– Кетиребиз деп атайын алдыларына максат коюп алган адамдар жалган жалаа жабуудан да кайра тартышпайт экен да. Мисалы, нааразычылык акциясында мен жөнүндө аябай каралаган сөздөр айтылыптыр.  Анан Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев «Ал кишинин билим берүү жаатында эмгеги чоң. Кырк жылдан бери эмгектенип келет. Президенттин колунан «Даңк» медалын бекер албаса керек. Биз бул маселени чечебиз», десе. Бирөө кыйкырыптыр  «силер эмнени чечесиңер, андан көрө жумуштан алгыла» деп. Ушунун баарын мен жумуштан алган мектептин директору уюштурганын ошол жерде катышкандар айтып келишти.

 Стат катчы ал жерден чыккан соң «райондун баардык мектеп директорлору 60га жакын киши күтүп турат. Алардын да оюн угуп койбойсузбу» дедик. Бирок ал киши аябай шашылышмын деп алардын оюн, пикирин угуудан баш тартты. Чындыгында кеткенге өтө шашты. Кирип эле «мен аябай шашып атам» деди. Анан бир мектеп директору «окуу жылынын аягына чейин күтүп койбойсуздарбы. Же ары эмес, же бери эмес кылбай» деген сунушун айтса, «Жок. Болду. Чечилди» деп эле чыгып кетти. Эгерде ошол жердеги 60га жакын мугалимдер мектеп жетекчилери «Абирова кетсин» дешсе мен ошол жерден эле арызымды жазып кетмекмин. Бирок андай болгон жок да. Стат катчы мага каршы чыккан 3 адамдын пикирин угууга убакыт тапты бирок, ал жерде чогулган баардык мектептердин жана балабакчалардын  директорлору баш болгон  алтымыштан ашуун адамдын пикирин угууга убакыт тапкысы келген жок. Эмне үчүн? Ал киши ал жерге атайын тапшырма менен окуянын түйүнүн чечүү үчүн барды эле да.

Тескерисинче «арыз жазыңыз эже. Чуу болуп кетпесин»- деп ак-карасын териштиргендин ордуна мени кызматтан кетирүүгө шашты. Мейли дедим. Бир ай эмгек өргүүсүнө чыгууга андан соң ээлеген кызматтымдан кетүү боюнча  арыз жазып бердим. Чынын айтсам жалган жалаа, кур дооматтардан аябай чарчаган элем. Бирок, чогуу иштеген көптөгөн кесиптештерим мага моралдык жактан чоң колдоо көрсөтүп, дем беришип менин өз чындыгым үчүн күрөшүмдү суранышты. Мен укук коргоо органдарынын чечимин күттүм. Облустук прокуратуранын кортундусун колума алганымда, жараткандын бардыгына, чындык ар дайым жеңерине ишенип, шүгүр кылдым.

Бир райондо, бир мекемеде иштегенден кийин, бул маселени түз отуруп сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүнчүлүгүңүз болгон жокбу?

-Биздин райондук билим берүү бөлүмүбүздө 9 кишиден турган коллегия бар. Ошол коллегиябыздан беш киши келиптир. «Республика боюнча алдыңкы райондордун бири болсок, чыр-чатаксыз эле бүтүргөнгө аракет кылып сүйлөшүү жолу менен бүтүргөнгө аракет кылбайсызбы. Ушунча эмгек сиңирдиңиз. Ушул нерселердин баары сизге керекби» деп.  «Макул. Бирок, булар жалган жалаа менен мени каралап арыз жазышкандыктарын токтотушсун. Анткени калпты эч ким чындыкка айландыра албайт» дедим. Алар барып, бир жерде иштеп туруп ушундай кылганыбыз уят деп сүйлөшүүгө барышса, «Жок. Биздин жазганыбыз жазган. Ал баары бир бизди кайра кызматка койбойт. Бизди кое турган адамдар башкалар деп. «Ишенген» адамдарынын аты-жөндөрүн айтышыптыр. 

Мен бул адамдар жөн гана кимдир бирөөлөрдүн мага карата колдонуп жаткан куралы экенин жакшы билем. Менин үстүмдөн жалган жалаа менен арыз жазып жаткандарга деле суроо беришиптир, «Алдыңар-15 жыл, бириң 14-жыл, бириң – 8 жыл мектеп директору болуп иштепсиңер. Силер мектеп директору болуп турган ушунча жыл аралыгында Абирова жакшы да кызматтан алып койсо эле жаман болуп калабы» деп. Ичибиз күйгөндөн жазып жатабыз деп айтышыптыр. Бирок билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн, бул тармакта реформа жасоо үчүн сөзсүз иштин билген кесипкөй адистер керек да. Анан мен кантип өз ишине кайдыгер караган адамдар менен райондун билим берүү тармагын көтөрө алам. Мен жогорудагы адамдарды мына ушул үчүн кызматтан алгам.

Сиз жогоруда кесиптештериңиз өз чындыгыңыз үчүн күрөшүүнү сурангандарын айттыңыз. Мурда кабыл алган чечимиңизди өзгөртүүгө эмне себеп болду?

-Менин эмгек жолум жөнөкөй мугалимдиктен башталып бул кызматка келгенче баардык тепкичти басып өттүм. Буйрук экен сынактан жеңип райондук билим берүүнүн жетекчиси болуп калдым. Бирок ушунча жыл өз тармагымда кесипкөй адис болоюн деп материалдык байлык же материалдык баалуулук топтогон жокмун. Жадагалса өз кесим деп жүрүп мен эне болуу бактысынан да баш тарткан экем. Бирок ушунча жыл кылган мээнетимдин акыбети ушинтип кайтат деп эч ойлобопмун.

Кызматтан кетүү тууралуу арызымды жазганымда көп адамдар чалышты. «Сиз кантип өз чындыгыңыз үчүн күрөшпөй, баштаган ишиңиздин аягына чыкпай кетип жатасыз. Демек сиз ушунча жыл сарптап кылган мээнетиңизди жокко чыгаргыңыз келеби? Сиз жетекчи катары сот иштери башталып жатканда ишенген кызматкерлериңизди тагдырдын сыноосу» деп таштап кетесизби деп.

Көпкө ойлондум. Анан мыйзам боюнча мен эмгек өргүүсү учурунда жазган арызымды 14 күндүн ичинде чакыртып алсам болот экен. Мен ушул укугумдан пайдаландым да арызымды кайтарып алдым.

Бирок, менин жумуштан кетүү боюнча арызымды кайтарып алганымды уккан мага каршы уюшкан топ Жогорку Кеңештин депутаттарына, Билим берүү министрине «Абирова кайра келсе биз жөө жүрүшкө чыгабыз» деген коркутуу каттарын жолдошуптур. Ал эми мен жумуштан алган 3 мектептин директорунан башка 342 мугалим  тийешелүү мекемелерге кур доомат менен жалган жалаа жаап жаткандардан мени коргоп калууну суранышып кат жөнөтүшүптүр. Бул да мен үчүн жагымдуу жаңылык болду.

Ал эми 22-апрелден баштап эмгек өргүүм бүтөт. 23-апрелден баштап  ишке кайрадан чыгуум керек. Мына ошондуктан Билим берүү министрлиги мыйзам боюнча 22-апрелге чейин менин арызымдын негизинде кайрадан кызматка дардоо боюнча буйрук чыгарышы керек болчу. Мен азыр ушул нерсени күтүп атам. Анткени мен эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганым боюнча облустук прокуратуранын юридикалык берген баасы, тактап айтканда кортундусу чыкты. Мына ошол прокуратуранын чечиминен соң мен өз кызматтымдан кетүү тууралуу арызымды кайтарып алдым. Анткени, мен баштаган иштеримдин аягына чыгуум керек. Мен өзүмдүн актыгыма ишенем, анан эң негизгиси кимдин ким экенин эл билет.

Бүгүн менин өз арызым менен кызматтан кеткеним бул күнөөмдү моюнума алганым болуп саналат да. Анан калса азырынча сот иштери аягына чыга элек. Анан кантип, мага ишенген кесиптештеримди, кызматкерлеримди таштап  кетип калам? Ушунча жыл кара жанымды карч уруп иштеп, эмне үчүн эки-үч адамдын жалган жалаасы менен жаманатты болуп кетишим керек? Кызмат түбөлүктүү эмес. Убагы келгенде мен да кетем. Бирок мен башымды бийик көтөрүп, актыгымды далилдеп кетишим абзел.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

8 билдирүү

  1. Ххххххх 16 Апрель, 2018 at 22:55 Жооп берүү

    Ушунча жаман ыплас иштерге барганы озуно такыр билиньейт окшойт. Стимфондду зарплатты кыскартып мугалимдердин акчасын жеп эле келатат. Директор завучтарга 15-20минден премия жащып коюп кайра чогултуп алат

  2. Зама 17 Апрель, 2018 at 17:07 Жооп берүү

    Албетте ким каршы чыкса, жумуштан кетирет деп эч кимиси каршылык бир ооз суйлой албай журушот да, Бери карап ыйлап аны карап кулушуп. Убактысы келмек тургай ашып деле калыптыр го, эмнеге жаш кадрларга орун бербейт???деген суроо дагы ойдон кетпейт. Озун акмын деп кайра элдерди жамандап атканынан кайра озун уяласын. Чындыгында баарынын эсеби болот…

  3. Эльвира 23 Апрель, 2018 at 13:04 Жооп берүү

    Кайсы ыплас ишти айтып жатасын? Озуннор токуган бы? ,Ойлогонсунарда ушунтип шыбасак кетет деп.эмне кана кылган жоксунар? Ойлодунарбы сынат деп?

  4. Жанар 23 Апрель, 2018 at 20:22 Жооп берүү

    Бумага все вытерпит! Пишут об Абировой несусветную чушь. Конечно люди верят в чудовищную ложь, нежели правде.Что интересно пишут одни и те же, под видом народа. Мастера на интриги, совершенно виртуозно плетут интриги, отправляют доносы. Я ,благодарю бога, что ,сейчас НЕ. 1937 год,когда расстреливали без суда и следствия.

  5. Карим 23 Апрель, 2018 at 20:29 Жооп берүү

    Опять эти прихвосты Сулаймановой Зины пишут всякую чушь. Зина спала и видела себя на месте зав. Районо, но бог оказывается есть. Справедливость восторжествует обязательно.

  6. Жыпар,Бактыгуль. 23 Апрель, 2018 at 23:56 Жооп берүү

    Ушунча жыл эмгек синирип,уй булоо кутпой, омурун ишке арнаган инсан.Абирова Д.Э эн таза Адам. Карышкырлар жулуп,тиштеп иштен кетиргенге аракет кылышты.Жаман десен эле кетиш керек бекенби?Туура иштеш керек !Колдойбуз!!!

  7. Аноним 24 Апрель, 2018 at 11:36 Жооп берүү

    Ни стыда, ни совести у этих писак.Ловите вора кричит сам вор.Уровень клеветников ниже плинтуса.Трудовая деятельность Абировой началась с простого учителя, прошла все ступени ,Медаль Данк дают не за красивые глаза.40 лет в сфере образования.Посмотрите как она живёт и сравните тех,кто пишет клевещет.Кыргыздар айтмакчы уйуно барсан уй муузуно илип чыкчу эч нерсе жок.И это очем то говорит.Кто, рыдая вопят, что их обидели,постотрите Как они живут. Бедных жалобщиков оторвали от лакомого куска.

Пикир

3 × үч =