Фарид Ниязов Атамбаевдин “Апрель” кайрымдуулук фонддун жетектейт

Каганат

Фарид Ниязов КСДПдагы  ишмердүүлүгүн токтотуп, жаңыдан түзүлгөн “Апрель” кайрымдуулук фонддун жетектейт. Бул тууралуу  Рыскелди Момбеков билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында КСДПнын саясий Кеңешинин жетекчиси Фарид Ниязов  КСДПдан кетет. Атамбаев өзүнүн аппарат жетекчиси тууралуу чындыкты бүгүн гана уккан. Тактап айтканда партиянын ишмердүүлүгү, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу кеп башталганда Евгения Строкова Фарид Ниязов менен Икрам Илмияновдор тууралуу чындыкты айтып, далилүү Атамбаевдин алдына таштаган.

Бул ортодо Момбеков дагы мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы араздашуу Фарид Ниязовдун айынан болгонун, ошондой эле ал президенттик аппаратты жетектеп турган учурунда фракция менен болгон байланышта кемчиликтер кетиргенин айтканын билдирет. Ошондой эле жыйында Атамбаев мурдагы башкы прокурор “Индира Жолдубаева Жогорку Кеңешке барса болмок же барбаса да арызын жазып берсе болмок” деген пикирин, Атамбаев  учурдагы президенттин кадр саясаты боюнча капачылыктары бар экенин айтканын кошумчалайт.

Момбековдун  айтымында кийинки жолугушууда анын ордуна башка адамды шайлоо боюнча маселе каралат. Атамбаев бүгүн коомдук-саясий абал боюнча өзүнүн пикирин айтты. Биз дагы коомдо болуп жаткан окуялар боюнча ачуу чындыкты айттык. . “Биз деле учурунда сиз даярдаган кадрларга капа болуп келгенбиз” деп пикирибизди ортого салдык. Негизинен жолугушууда ачык баарлашуу болду, –деди Момбеков.

Фарид Ниязов КСДПнын саясий кеңешинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына 2017-жылы  Чыныбай Турсунбековдун ордуна келген.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

17 − алты =