Ош базарындагы соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты

Каганат.

 “Ош базарында” соода орундары өрттөнүп кеткен  соодагерлер  өкмөт үйүнө митингге чыгышты. Митингге чыккандар   өкмөт башчы Сапар Исаковду сыртка чыгып, алардын сөзүн угуусун талап кылышууда.  

Белгилей кетсек, Ош базарындагы соодагерлер 13-апрелде дагы Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Митингге чыккан соодагерлер  келтирилген чыгымды төлөп берүүнү жана соода жайларын калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

 Эске  кетсек,  13-апрелде “Ош базарындагы” “Берекет” соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыкты. Тилсиз жоо ушуну менен 3-ирет кайталанып жатат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + 18 =