Президент Жээнбеков жакында Кытай менен Орусияга сапар алат

0

Каганат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Президент Сооронбай Жээнбеков  май, июнь  айларында  Кытай менен Орусияга барат.  

Маалым болгондой, Орусияга  Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барат.  

 Ошондой эле  ЕАЭБке мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт. Учурда ага даярдык иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, июнда Кытайга расмий сапар пландалып жатканы, ал ШКУ саммитинин алдында болору да кабарланды.

Эске салсак, президент 9-11-апрель күндөрү расмий сапары менен Түркияда болгон. 11-12-апрель күндөрү Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына жумушчу визит жасаган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 9 =