Жогорку Кеңешке дагы бир жаңы депутат келди

0

Каганат.

“Кыргызстан” фракциясы дагы бир жаңы депутат менен толукталды. Борбордук шайлоо комиссиясы Руслан Чойбековго бүгүн, 16-апрелде депутаттык мандат тапшырды.

 Руслан Чойбеков  Казакстанда камакта жаткан Дамирбек Асылбек уулунун  ордуна келди.  

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде Дамирбек Асылбек уулун мандатынан ажыраткан. Буга анын Казакстандын жараны болгону себеп болгон. Ал Казакстанда аткезчиликке шектелип кармалып убактылуу кармоочу жайга камалган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

3 × бир =