200 миң доллар пара менен кармалган прокуратура кызматкери ооруканага түштү

Каганат.

Башкы прокуратура башкармалыгынын 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган жетекчиси ооруканада. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ал кармалган учурда акыбалы начарлап кеткен. Кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жаткырылган.

 Белгилей кетсек, 16-апрелде атайын кызматтын ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк башкармалыгынын жетекчиси 200 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 5 =