Ажылыкка төлөмдөрдү кабыл алуу 20-апрелге чейин узартылды

Каганат.

Ажылыкка төлөмдөрдү кабыл алуу 20-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500$ АКШ доллар жана 1000  сом төлөп, иш кагаздарын талапка ылайык толук тапшырып, электрондук каттоого катталган жана ажыга барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер үчүн калган 2390$ АКШ долларын төлөөгө мүмкүнчүлүк берүү максатында  төлөмдөрдү РСК Банкына төгүү  2018-жылдын 20-апрель күнү кечки саат 17:00гө чейин  узартылды.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

1 × үч =