Бүгүн үч фракция өкмөттүн отчётун угат

0

Каганат.

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчётун угат.   

Маалым болгондой,  “Ата Мекен”,  “Республика-Ата Журт”,  “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн отчётун чогуу карайт.

Белгилей кетсек, өткөн жумада өкмөттүн отчётун “Республика-Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы угуудан баш тарткан. Буга премьер-министр Сапар Исаковдун жыйынга келбей калышы себеп болгон. Ал эми КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары буга чейин өкмөттүн отчётун “канааттандырарлык” деп тапкан.

 Ошондой кечээ, 16-апрелде Жогорку Кеңештеги эки комитет өкмөттүн отчётун канааттандырды.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

7 + сегиз =