Эртең жамгырлуу аба ырайы күтүлөт

Каганат.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 18-апрелде өлкөдө маал-маалы менен жамгыр, тоолуу райондордо кар аралашкан жаан жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарында, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында нөшөрлүү жаан жаайт.

Тоолуу жолдор тоңголок, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+10;

Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12;

Нарын жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +3…+5, күндүзгү жогорку температурасы +10…+12 градусту түзөт.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

7 + он жети =