Прокуратура кызматкери 200 миң доллар пара менен кармалды

Каганат.

УКМКнын басма сөз кызматы билдигендей, Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жерден кармалды.  

Маалым болгондой, Улан Чалбаев кечээ 16-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал жарандан 500 миң доллар пара талап кылган.

Кармалгандан кийин Улан Чалбаев өзүн жаман сезип, ага тез жардам унаасын чакырышкан. Аталган маалыматты тез жардам кызматы дагы тастыктап, аларга билдирүү саат 16.56 чамасында келип түшкөнүн билдирген.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + 5 =