Тогуз-Торолуктар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты

Каганат.

Тогуз-Торонун тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Митингге чыккандар алтын иштетүүчү фабриканы жабууну жана «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасын өрттөөгө шектүү деп кармалгандардын боштондугун талап кылышууда.

 Алар  аталган компания өз ишмердигин баштагандар тартып тургундардын ден-соолугуна байланыштуу маселелер жарала баштаганын айтышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Тогуз-Торо районундагы “Макмал” алтын комбинатынын алдына митингге чыккан эл анын жанына курулган “Джи Эл Макмал Девелопинг” фабрикасынын курулуштарын өрттөп жиберген болчу.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × эки =