Connect with us

Коом

Ажылыктан айныткан фатва, аңдыган Кытай

Published

on

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-8-июль, 2019-жыл).

Британияда чыккан «The Guardian» жана «Financial Times» басылмалары Кытай кантип санариптик технологияны тыңчылыкка колдонуп жатканы тууралуу макалаларды жарыялашты. «The Guardian» гезити Кытайдын чек арачы офицерлери туристтердин телефондоруна тыңшоочу тиркемелерди орнотуп жатканын баяндап: «Мусулмандар жашаган аймактар катуу көзөмөлгө алынып, адамдын жүзүн аныктоочу камералар көчөлөргө, мечиттерге коюлду. Ошондой эле алардын телефондоруна мамлекеттик органдар уруксат берген гана тиркемени орнотууга болот. Чек арачылар Кыргызстандан кирип-чыккан туристтердин телефондоруна жашыруун тиркемелерди киргизип, жеке маалыматтарды топтоп жатышат.

Бул багытта Германиянын «Süddeutsche Zeitung» жана «New York Times»гезиттери журналисттик иликтөө жүргүзүп, Эркечтам өткөрмө бекетинде туристтердин телефондору катуу текшерүүгө алынганын аныкташкан. Кибер коопсуздук боюнча талдоочулар Кытайдын тыңчылык программалары диний экстремизмге байланыштуу англис, араб тилиндеги маалыматтарды издей турганын билдиришти. Шиңжанга бир жылда 100 миллиондой адам турист болуп барат. Алардын көбү тарыхый Жибек Жолундагы Эркечтам чек ара бекети аркылуу өтөт. Чек арадагы текшерүү бир нече этаптан турат. Кыргызстанга өтүп жаткан айрым туристтерден сураганыбызда: «Туристтик компания биздин телефондорго GPS аныктоочуну орнотту го деп ойлогонбуз», — деген жооп алдык», — деп жазат. Ал эми «Financial Times» Кытайдын ичинде бийлик элдин смартфондоруна тыңшоочу программаны киргизип жатканын баяндайт. «MF Socket» деп аталган тиркеме адамдын кайда экенин, ким менен сүйлөшкөнүн, СМСтерди, «Телеграм» сыяктуу байланыш каналдарын толук көзөмөлдөй алат.

Динаятчылардан ажылыкка барбоого чакырышы

«Foreign Policy» журналы айрым динаятчылар Сауд Арабиясынын мураскор ханзаадасы менен бул мамлекеттин Жакынкы Чыгыштагы агрессиялык саясатынан улам Меккеге зыярат кылууну токтотууга чакырып жатышканын жазды. Йемендеги Саудиянын кандуу бомбалоосу, журналист Жамал Хашогжинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү, Эр-Рияддын Иран кризисине карата өкүмзордук мамилеси суннит мусулмандардын арасындагы ынтымакты ыдыратууда.

Continue Reading
Click to comment

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Акыркы кабарлар

Copyright © 2017 Zox News Theme. Theme by MVP Themes, powered by WordPress.