Connect with us

Коом

Билим берүү тармагын уят кылган каталар

Published

on

5-июль күнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн документтери ката басылып чыкканы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаганын кабарлады.

Буга 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө ар кандай ката менен жазылган 95 миң аттестат тапшырылганы тууралуу маалымат негиз болду. Бул кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатындагы жана толук эмес орто билими тууралуу күбөлүгүндөгү алгачкы каталар эмес.

«Н» тамгасынын ордуна «Ң»

Финансы полициясы 2019-жылы орто мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөргө берилген аттестаттагы каталарга байланышкан маселени териштирүүнү Интернетте таратылган маалыматтарга таянып баштаганын билдирди. Мурдараак социалдык тармактарга Нарын облусунун Туз айылындагы мектеп окуучуларына таандык аттестаттагы ката сүрөтү менен кошо жарыяланган. Анда «окончила среднюю реднюю школу» деп жазылып турат. Аттестатта ошондой эле «н» тамгасынын ордуна «ң» тамгасы жазылып калганын таап чыккандар да муну кескин сынга алышкан.

Билим берүү жана илим министрлиги ката үчүн өзүн күнөөлүү деп эсептеген жок. Муну министрлик бланктарды басып чыгарган «Учкун» басмаканасынын келишим аркылуу алган милдеттенмеси менен түшүндүрүүдө.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда тендерден утуп чыккан «Учкун» басмаканасы менен Билим берүү министрлиги 6-июнь күнү келишим түзүшкөн. Аттестаттарды жана толук эмес орто билими тууралуу күбөлүктөрдү даярдоо боюнча тендерди Мамлекеттик каттоо кызматы жүргүзгөн.

Continue Reading
Click to comment

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Акыркы кабарлар

Copyright © 2017 Zox News Theme. Theme by MVP Themes, powered by WordPress.