Connect with us

Аналитика

«Кызыл өрүк» – совет заманынын портрети

Published

on

Илгери бала кезде «ал эки заманды көргөн адам» деп айткандарды көп укчу элек. Көрсө мындай сыпаттоо орус падышалыгы менен совет бийлигин көрүп калган, жашап калгандарга көбүрөөк айтылчу экен.

Азыркы Кыргызстан элинин бир бөлүгү да эки доорду: «коммунизм» менен демократияны көргөндөр. Эки мезгилди көп салыштырабыз. Демократиядан көңүлү калып, совет заманын эңсегендер да аз эмес. «Коммунизмде жашаганыбызды байкабай калыптырбыз» деп тамшангандар андан көп. Азыркы жаштарга Лениндин идеялары менен жашаган доорду айтсаң жомок сезилет…

Кыргызстан азаттыгын алганына 30 жылга жакындап барат. Азыркы муунга, дегеле тарых үчүн жомоктой сезилген совет заманынын чыныгы жүзүн, кадимки кейпин, ачык портретин ачып бердикпи? Менимче, тарыхта, саясат таанууда, публицистикада болобу бул темада чөп башылап мамиле кылып келаткандайбыз. Ушул негизден алып караганда социология илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер, публицист Топчугүл Шайдуллаеванын «Кызыл өрүк» китеби биз кейип жаткан кенемтени толтурууга салым кошот деп ойлойм.

Китептин негизги лейтмотиви биз жашап өткөн совет доорунун бейнесине арналып, анын адамдын табигий эркиндигине, укугуна, социалдык-психологиялык маанайына, үй-бүлөлүк, улуттук баалуулуктарга тийгизген кесепети, кедергиси тууралуу ачык сөз болот. Алардын айрымдарына сереп салып көрөлү.

Continue Reading
Click to comment

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Акыркы кабарлар

Copyright © 2017 Zox News Theme. Theme by MVP Themes, powered by WordPress.