Connect with us

Видео

Кыргыз саясатынын абалы ырга айланды

Published

on

Эл акыны Элмирбек Иманалиев комуздун коштоосунда кыргыз саясатчыларына кайрылуу жасады. Автор чоңдорго арнаган ырында Кыргызстандын бүгүнкү саясий абалы тууралуу кеп козгоп, саясатчыларга ачуу сын айткан.

Элмирбектин ыры учурда социалдык тармактарга тарап, коомчулукта буга чейин айтылып келген «эмне үчүн адабий, маданий, коомдук ишмерлер өлкөнүн азыркы абалы тууралуу үн катпайт» деген суроону кайра козгоду. 

Иманалиевдин кадимки элдик кошоктун обонуна салынган ыры кыргыз саясатынын бүгүнкү аянычтуу абалын сүрөттөйт.

Ак үйдөн бүгүн пайда жок,
Акындын иши шол экен,
Айткандан бөлөк айла жок.
Кеткенинен да пайда жок,
Келгенинен да пайда жок.
Кеңкелес укпайт эл угат,
Бүгүн кейишти айтам айла жок
”, — деп боздогон акын андан ары бийликтин бүгүнкү ишти эртеңге жылдырган чечкинсиздигин сындап, ал ортодо тентектер телтеңдеп, кошомат менен күн көргөн кокуйлар көбөйүп, адамдын башын адам жеген, адалдын башын арам жеген заман келгенин ырга салып, карыз менен күн көрүп калган өлкө тагдырына кейийт.

Айкөл Манас урпагы,
Силер элди күрөө койдуңар.
Аталар мурас калтырган,
Жерди күрөө койдуңар.
Кандын көбүн төгүшкөн,
Каректей сактап келишкен,
Төрдү күрөө койдуңар
”.

Элмирбек кайрылуусунда негизинен эгемендик жылдары мамлекетти башкарган саясатчылардын баарын «өлкө казынасын чогуу жеген окшошкон чириктер» деп сыпаттап, бир кезде достошуп алып өлкөнү талкалагандар эми күнөөнү бири-бирине оодарып жатканын сындайт.

Төкмө акын саясий кырдаалга ичи бышып, ошол сезими 3-июлда ырга айланганын айтып берди. Акын бул чыгармасында отуз жылдан бери элди алдап келе жаткан бир ууч аткаминерлерге болгон ызасын, таарынычын билдирген.

Continue Reading
Click to comment

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Акыркы кабарлар

Copyright © 2017 Zox News Theme. Theme by MVP Themes, powered by WordPress.