Connect with us

Коом

Түркияда кыргызстандык мигрант окко учту

Published

on

7-июлда Түркиянын жергиликтүү басылмаларында Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык өлтүрүлгөнү тууралуу кабар тарады. Окуя боюнча Аланиянын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, көп узабай полиция кылмышка шектүү адамды жашынып жүргөн жеринен кармаган.

23 жаштагы Муктарбектин киши колдуу болгону тууралуу суук кабар Түркиянын дээрлик бардык басылмаларында жазылып, жергиликтүү окурмандар кызуу талкуулап жатышат. Окуя 7-июлда таңга маал болгондуктан окуянын күбөлөрү да аз. Муктарбек келишим түзүп келген «Атлант» агенттигинин кызматкери Орхан Кая суук кабарды угаары менен каргаша болгон жерге барганын айтып берди:

«Кыргыз жигит эртең менен жумушка барыш үчүн аялдамага чыгыптыр. Дал ошондо жолдун аркы бетиндеги кафеден мас абалындагы шектүү киши чыгат. Ошол убакта жолдун четинде турган башка бир түрктү мээлеп туруп атканда, ок кыргыз жигитке тийиптир. Мунун баары көчөдөгү коопсуздук камераларына түшүп калган. Каза болгон жигиттин эч кандай күнөөсү жок, каргыш тийген октун айынан өмүрү үзүлдү. Биз — агенттик жана каза болгон жигит иштеген мейманкана — бул кылмышкерди жөн койбой, эң оор жаза алышын талап кылабыз. Анткени Муктарбектин иштегени да, жүрүм-туруму да мыкты болчу».

Муктарбек келинчеги менен Кыргызстандан Анталияга келип иштеп жатканына 1,5 ай гана болгон. Ошол каргашалуу күнү автобус күтүп турганда ок тийген. Анын жерде жатканын көргөндөр «Тез жардамга» жана полицияга кабар беришкен. Бирок «Тез жардам» кызматкерлери келгенче жигит үзүлүп кеткен экен.

Continue Reading
Click to comment

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Акыркы кабарлар

Copyright © 2017 Zox News Theme. Theme by MVP Themes, powered by WordPress.