Connect with us

Коом

Түркия: Айтматовдун айкели кароосуз калды

Published

on

2017-жылы Стамбул шаарынын Малтепе аймагындагы сейил бактардын бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты берилип, айкели тургузулган. Бирок андан бери айкелдин тегерек чети каралбай, айкел тургузулган таштын бетине чапталган жазуудагы тамгалар түшүп калган.

Түрк дүйнөсүнүн таанымал ойчулу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилген сейил бакта күндүз эс алып жүргөндөр аз.

Жергиликтүүлөр кечинде балдарын айкелдин тегерегинде ойнотконду адат кылып алышкан. Кыргыздын залкар уулунун айкели сейил бактын төрүндө жайгашкан.

Бирок айкел турган аянтчадагы жазуучунун ысымындагы тамгалар түшүп, каралбай калган.

Continue Reading
Click to comment

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Акыркы кабарлар

Copyright © 2017 Zox News Theme. Theme by MVP Themes, powered by WordPress.