Connect with us

Видео

115 жылдан кийин ажырашкан түгөйлөр

Published

on

Дөө ташбакалардын эркеги менен ургаачысы 115 жыл «ак никеде» жашады. Ооганстандагы америкалык жоокерлер торгойдой чалгынчы дрондуу болушту. Эстонияда жасалма интеллект жарандарга кеңешчи болот. Балдардын тиши оорубашы үчүн таттууга көндүрбөңүз.

Биби жана Полди 115 жылдан кийин ажырашты

Эрди-катын дөө ташбакалар чогуу жашабай калганын Австралиянын Клагенфурт шаарындагы «Happ Reptile» зоопаркы тастыктады. Дөө ташбакалар 1897-туулуп, ошол жылы чогуу жашай баштаган. Алардын Клагенфуртка 40 жыл мурда келгенге чейинки өмүрү Швецариянын Базел айбанатканасында өткөн.

Эки ташбаканын оту капылеттен эле 2012-жылы күйүшпөй, байбичеси Биби абышкасы Полдинин капкагын тиштеп, топчудай жерин жулуп алган. (Дөө ташбакалар бир кылымдан узак жашаган кезде да тиштери курч, жаактары жаш кезиндегидей күчтүү болот).

Ургаачысы бул кылыгын дагы бир нече жолу кайталагандан кийин, айбанаткананын кызматкерлери ташбакалардын жубун сактап калыш үчүн аларга түрдүү оюндарды уюштуруп, бейиштин тамактарын жасап беришет. Алардын аракетинен натыйжа чыкпаган соң Полдини башка жайга көчүрүшкөн.

«Happ Reptile» зоопаркынын администрациясынын быйыл маалымдаганына караганда, Биби ханумда карт Полдини көрөйүн деген көзү жок болгондуктан, ушу тапта түгөйлөр эки башка жайда жашап жатышат.

Дөө ташбакалардын чоңдорунун салмагы 4 центнерден оор, узундугу 1,3 метр болгон учурлар бар. Алар 30 жаш курагында жетилет. Табиятынан алардын эркек-ургаачылары көпкө чогуу жашабай, улам төшөк жаңыртып турушат. Кээ бир дөө ташбакалар 250 жылдан узак өмүр сүргөнү белгилүү. Бирок алар негизи 80-120 жыл жашайт.

(Булагы: https://www.zmescience.com, https://www.mnn.com)

Эстония: жасалма интеллект жарандарга кеңешчи болот

Эстонияда жасалма интеллект (AI) букараларга зарыл иштерин биринчи кезекте бүткөргөнгө жардамдашат. Бул милдетти жаңы жасалып жаткан жасалма интеллект аткарат.

«Максат — өкмөттү адамдардын жашоосу үчүн маанилүү иштерге жигердүү жана жоопкерчиликтүү мамиле кылганга үйрөтүү», — дейт программанын маалыматтар боюнча башкы адиси, 28 жаштагы Отт Велсберг (Оtt Velsberg).

Жаңы интеллектуалдык система түзүлсө, жарандар мурдагыдай айдоочунун лицензиясын алуу же мектепке баласын берүү үчүн арыз жазып, босого кагып отурушпайт. Себеби, тийиштүү өкмөттүк мекемелер жарандардын жашына карай муктаждыгын аныктап, алар үчүн кам көрөт.

Мисалы, бакчага жана мектепке барчу балдарды муниципалдык билим берүү мекемеси бала төрөлгөндө ооруканадан берилген маалыматтын негизинде билип турат. О. Велсбердин айтымында, мындай автоматташтырылган система жыл соңунда иштей баштайт жана ага жасалма интеллекттин кереги жок.

Continue Reading
Click to comment

Leave a Reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Акыркы кабарлар

Copyright © 2017 Zox News Theme. Theme by MVP Themes, powered by WordPress.