Депутат менен губернатор кайым айтышты

Депутат менен губернатор кайым айтышты

Каганат.

Жогорку Кеңеште Нарындагы суук абал, көмүр тартыштыгы боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун отчётун угуп жатып, депутат Камчыбек Жолдошбаев экөө кайым айтыша кетти. Депутат менен өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кер мур айтышы Нарын облусундагы көмүр казуу иштери боюнча Камчыбек Жолдошбаевдин карьери иштеп иштебей, көмүрдү кымбат сатып жаткандыгы тууралуу айткан Аманбай Кайыповдун сөзүн Камчыбек Жолдошбаев калп айтып жалган жалаа жабууда деп сыпаттады. 

Ошону менен бирге эле өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарын аймагында Ак Талаа айылынын акими экөө мыйзамсыз бир катар иштерди кылгансыңар деп айыптаганга чейин барды. Депутат менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мындай кер мур айтышын айрымдар буга чейин эле экөөнүн келишпестиги бар экендигин айтса, айрымдар “Дордой” ишканасында эмгектенип келген Аманбай Кайыповду  Камчыбек Жолдошбаев ишкер Аскар Салымбековдун адамы деп тырчып келгендиги тар чөйрөдө айтылууда.

Ал эми депутат менен өкмөттүн Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кайым айтышын, спикер Чыныбай Турсунбеков дагы кой деп койгон жок. Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин койгон кинелерине губернатор Аманбай Кайыпов күнөөлөрүмдү далилдеп берсеңиз кызматымды тапшырууга даярмын деген пикирин билдирди. Эскерте кетсек Кара Кече аймагында депутат Камчыбек Жолдошбаевге тиешелүү Беш Сары, Турук көмүр казуучу карьерлери бар.  

Булак: Каганат

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Решите *

Тектеш макалалар