Header ad
Тарых тактасында. Султан Ибраимов:«МЕН БҮГҮН ЧАРЧАП ТУРАМ…»

Тарых тактасында. Султан Ибраимов:«МЕН БҮГҮН ЧАРЧАП ТУРАМ…»

Каганат.

Бул адамдын ысымы азыркыга чейин эл ичинде аӊыз болуп айтылып келет. Султан Ибраимов – мамлекеттик жана партиялык ишмер болгону менен тарыхта эл чындыгын айтуудан коркпогон адам катары жазылып калган. Аз жашаса да, саз жашаган өмүр таржымалы уккандарды тамшандырбай койбойт.

cc3b198cadce44cbeb1c12ac66b49c42Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй аймагынын Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун айылда колхозчу, трактор – айдоочу болуп иштөөдөн баштаган.

1978-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы, ошол эле жылдын декабрь айынан баштап 1980-жылдын декабрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагалыгына чейин жеткен.

1980-жылы 3-декабрда канкордун колунан каза тапканда, ал болгону 53 жашта эле.

«ӨЛКӨ ТҮШТҮГҮ ҮЧҮН ТЕҢИРДИН БЕЛЕГИ»

Султан Ибраимовдун учурунда Ош облусу болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, гүлдөп баштаган. Ал Кыргызстан компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы болуп 10 жыл эмгектенген. Ибраимов иштеп турган чакта облуста жолдор, турак-жайлар, театрлар, ооруканалар жана өнөр-жай ишканалары, каналдар, суу сактагычтар жана гидроэлектростанциялар курула баштаган.

Султан Ибрамиовдун жардамы менен Кыргызстан Өзбекстанда болгон пахта чуусуна кабылган эмес. Ал өтө таза иштечү, ар бир маселени өзү текшерип, кошуп жазууга мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошентип бизнес-мафия менен күрөшүп келген. Ар түнү Ибраимов талаага чыгып эл кандай шартта жашап жана иштеп жатканын көрүп, таӊ эрте иш ордуна келип район жетекчилигин чакырып, чарбада тартип болуусу керектигин эскертип турган.

34b41ea1faaae8e67e15cb87775cd752

Калуга шаарында жашаган КРнын эмгек сиңирген врачы, Ош шаарынын ардактуу жараны Виталий Сергеевдин акын жана жазуучу Салима Шарипованын «Катаал күндөгү ак куулар» аттуу китебинде  мындай эскерүүсү бар:

-Биз ал кезде азыркы шаардык оорукананын эски имаратында болчубуз. Бир жолу бир катуу оорулууну алып келишти. Аны палатага жаткырып, дарылай баштадык. Анан кеч күүгүмдө аны көрүүгө Султан Ибраимович келди. Көрсө, оорулуу аял анын жубайы Рева Касымовна экен.

Азыр мындай фактылар жок. Анын үстүнө азыр төртүнчү башкы башкармалыктын адистештирилген бөлүмү иштейт. Мурда ал жок эле да. Башка бир адам болгондо сөзсүз коңгуроо артынан коңгуроо кагылмак, буйрук, тапшырмалар берилмек. Бүткүл Кыргызстан, өзгөчө өлкөнүн түштүгү үчүн Султан Ибраимов теңирдин белеги болгон десем, жаңылбаймын.

  sultan-ibraimov-4-1

 ***

“Мен үчүн бийлик эч качан маанилүү болгон эмес. Иштөө мүмкүнчүлүгү жана өндүрүштүк суроолор маанилүү. Себеби мүмкүнчүлүк канча көп болсо, эмне туура деп эсептесең ошону жасоо жеңил болот…

Бул жоопкерчиликти көтөрүп жүрүү кыйын болууда, себеби адамдарды мамлекет алардын кем-карчын толуктап берүүсү керек деген ой бузууда. Мындай болбойт. Өзү аракет кылбаса эле баары жасалып калбайт.  

Менде Коммунисттик партия берген бийлик колумда болчу. Бирок бийлик бул аброй эмес. Бийлик адамдардын жан дүйнөсүн сынайт, ал жакта ар кандай майда жана начар касиеттер болушу мүмкүн… Бийлик адамдын бекемдигин сынайт. Ал эми бийлиги бар адамдын абройу – бул анын жеке адамдык сапатынын таануусу”-бул Султан Ибраимовдун бизге жеткен орошон ойлору.

***

Султан Ибраимов партиялык форумдарда трибунадан бүткүл союздук министрликтерге сын айтуудан коркон эмес. Буга далил катары Москвадагы жыйын учурунда Ибраимов СССРдин КПСС БКнын Генералдык катчысы Леонид Брежневдин көзүнчө бир бүткүл союздук министрлерди сындагынын айтсак болот.

sultan-ibraimov-6

Замандаштарынын айтымында Ибраимовдун сын-пикиринен кийин залда кулак-мээни кесип алгандай тынчтык өкүм сүргөн. Анткени ал убакта жогору жактагыларга антип сын-пикир айтуу эң бир кооптуу кадамдардан болгон. Кийинчерээк көптөгөн туура эмес иштерди жасап жүргөн Советтер Союзунун ички иштер министри Николай Щеколов Ибраимовго өзүнүн сөзүн эске салып: “бул жерден кет, мен сага сен сындаган министр эмесмин, Сыныӊды башка жерде айт” деп кыйкырууга үлгүргөн.

***

Пахта комбинатында иштеген жумушчулар, “Бир ирээт пахта комбинаты күйүп кетип, өрттөн сыртка чыга албай мекеменин ичинде адамдар калып калат. Ушул учурда Султан Ибраимов өрт өчүрүүчүлөр менен бирге мекемеге кирип кызматкерлерди куткарып чыгууга көмөктөшкөн” деп эскергендери бар.

***

Султан Ибраимовдун кызына бир күнү балдар санаторийине жолдомо берилет. Бирок ал жолдомонун кызына кереги жок деп эсептеп, чыныгы муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн бирине берип коёт. Мындай көрүнүштөр абдан эле көп болгон, бул саясий ишмердин ак көңүлдүгүнүн, боорукерлигинин бир гана мисалы.

ibraimova15

***

Султан Ибраимов Кыргыз Өкмөтүн башкарып турганда бир райондук партиянын биринчи катчысы чакырып, ал-жай сурашкандан кийин райондогу жакшы көрсөткүчтөр өңүтүндө айтып жатканда райкомдун биринчи катчысы муюп, башын ийкеп отурган. Анан райондогу кетирилип жаткан кемчиликтер туурасында кеп баштаганда, укмаксан болуп “эмнени айттыңыз?” деп сураганда мыйыгынан жылмайып, “Бу сиздин ийгиликтерди кунт коюп угуп, кемчиликтерди айтканда керең болуп калганыңыз кызык экен” деген тамаша-чыны аралаш.

«МЕН БҮГҮН ЧАРЧАП ТУРАМ…»

1980-жылдын жайында Ибраимовго Ысык-Көлдүн жээгинен өкмөттүк  резиденциядан коттедж бөлүнүп берилет. Саясий ишмердин кызы Айнура Ибраимова атасынын өлүмүнө жакын аны резиденцияга барууга мажбурлашканын айткан. Кызынын айтуусунда, атасынын ден соолугу үчүн «кам көргөндөр» 1980-жылдын акыркы айларында аябай көбөйгөн.

Жанында жүргөндөр «Жумуш кайда качмак эле, дем алып келиңиз» дешип, бир жума мурда эле эс алуудан кайтканына карабастан, кайра Ысык-Көлгө узатышкан. Султан Ибраимов аялы жана небереси менен Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга келгенде аларды бир гана кызматчы келин тосуп чыккан. Резиденцияда башка кызматкерлер, жок дегенде күзөтчүлөрдөн эч кимиси болгон эмес. Күзөтчүлөр жана жан сакчылар эртеси, Султан Ибраимов  айдоочусу менен кошо атып өлтүрүлгөндөн кийин гана келишкен.

Ал эми жубайы Рева Касымовнанын айтымында Султан Ибраимов жооптуу кызматтарды аркалап жүргөн жылдарынын биринде да чарчадым-чаалыктым деп айтапаганын, ал каза болор күнү кечинде алгачкы ирет “чарчап турам” деп айтканын эскерген.  Ушул түнү кыргыздын бир жарык жылдызы жалп деп өчүп, ушул түнү атайын жалданган мыкаачылар Султан Ибраимовду 2 көзүнө атып, айдоочусун кошо өлтүрүп кетишкен.

Бул мезгилде белгисиз кылмышкерлердин колунан каза тапкан, эл уулу 53 жаштын белесин ашып аша элек болчу…

Булак:Каганат

 

2 Билдирүү

  1. Кыргыз патриоту.

    Кыргыздын чыгаан уулу, чыныгы башкаруучусу Султан Ибраимовдун жаркын элесине мин мертебе таазим!!! Андай инсандар кылымда бир жаралат, болбосо жок. Султан агабыз тируу болгондо Кыргызстан мынчалык абалга кептелбейт эле го. Кыргыздар арман кылып эле басып журобуз да дайыма. Азыркы чиновниктер жонундо соз кылуунун кажети деле жок, аман эле болушсунчу.

    Reply
  2. Кыргыз патриоту.

    Жакшы адамды кара жер алууга мынча шашылды экен.?????

    Reply

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Решите *

Тектеш макалалар