Тоннасы 1200 сомдон казылган көмүр 4000 сомдон сатылат

Тоннасы 1200 сомдон казылган көмүр 4000 сомдон сатылат

Каганат.

Жылытуу сезону башталгандан баштап эле жергиликтүү калк көмүргө жана канча каражат керектигин санай баштайт. Ал эми суук түшөөрү менен көмүргө болгон баа жогорулоо үстүндө болот.

Көмүрдүн баасы да, баркы да суукта билинет дегендей бүгүн ЖКнын жыйынында көмүрдүн баасына байланышкан нааразычылыктар депутаттар тарабынан айтылды. Депутат Мирлан Жээнчороев тоннасы 1200 сомдон казылып алынып жаткан көмүр эмне себептен элге 4000 сомдон сатылып жатканына кызыкты.

Былтыр эле Нарындан борборго тоннасы 2700 сомдон сатылып жаткан көмүр быйыл 400 сомго чыгып кетиптир, бирок экономика министрлиги декабрь айында көмүр болгону 2,5 пайызга кымбаттаган деп маалымат берип келет.

Экономика министрлиги кичине элге жакыныраак болуп, баанын жогорулоосу боюнча маалыматты тактап алышса болот эле деген ой келди. Ал эми өзүбүз көмүр кенинин үстүндө отуруп, карапайым калкка ал казылып жаткандан бир нече эсеге жогору баада сатылып жатканына жол болсун! Монополияны жөнгө салуу агенттиги кышында көмүрдүн баасын көзөмөлдөй албай эшек такалап отурабы?

Эл өкүлү Жээнчороев айткандай бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү зарыл. Бул пикирди элдин баары колдоого алары турган иш.

Булак: Каганат

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Решите *

Тектеш макалалар