Header ad
“Улуттуңду унутпа”: Паспорттун улут графасы саясатпы же чындап кыянатпы?

“Улуттуңду унутпа”: Паспорттун улут графасы саясатпы же чындап кыянатпы?

Каганат.

Техниканын өнүгүшү менен кошо күнүмдүк турмуш бир жагынан оңойлосо, экинчи жагынан тескерисинче татаалдашып бараткансыйт. Айталы, заман талабына жараша дүйнө эле, аны менен бирге Кыргызстандын калкы да акырындап электрондук өкмөткө, биометрикалык паспортко өткөнү турат.  Бул деген прогресстен калбай, башка мамлекеттер сыяктуу эле дүйнөлүк интеграциялык талаптарга ылайыкташып бара жатканыбызды айгинелейт.

Бирок ошол эле тапта, дүйнөлөшүү жараянынын алкагында улутту улут катары сактап калуу деген маселе бизге окшогон аз сандуу калктардын негизги баш оорусуна айланып, жер шары кенедей бир чекитке окшошуп, майда элдерди ири державалар ажыдаардай оп тартып баратканда “кантип өзүбүздү улут катары сактап, жүзүбүздү жоготпой, тилибизди унутпай, маданиятыбызды, адабиятыбызды кемитпей коргоп калабыз?” деген собол өтө актуалдуу болуп бара жатканы талашсыз.

Анан дал ушундай маалда КРнын Мамкаттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевдин жаңы биометрикалык паспорттун ачык бетине “улуту” деген графаны алып, анын паспорттун ичиндеги көрүнбөгөн жипке же башкача айтканда электрондук чипке киргизип коебуз дегени көп суроону пайда кылып, кыргыздын жарандарын кырды бычак абалга алып келүүдө…

Улут деген кагазда эмес, жүрөктө болгону жетиштүүбү?

Коомдук пикирди түзүүчүлөрдүн бир жарымы паспорт деген бул жөн гана техникалык айрым мселелерди чечүүчү документ экенин айтып, буга улутту жазып же жазбай коюу менен жарандар өздөрүнүн улутунан адашып калбай турганын, өз Ата Мекенин сатып кетпей турганын, улут деген ыйык сезим ар бир адамдын жүрөгүндө жашап, кыргыз жарандары паспортундагы “улуту кыргыз” деген жазуу менен эмес, каны-жаны менен кыргыз болуп төрөлүп, ата-энеси кыргыз болгону, балдар-кыздары кыргыз болуп жаралып жатканы үчүн сыймыктанууга тийиш деп жатышат.

Ал тургай алар бу биометрикалык паспортко тээ Манас, Алмамбеттин дооруна чейин мисал кылышып, “Манас атабыздын деле паспорту жок болчу, бирок, ал улут үчүн күрөшкөн” – деп жатышат. Башкасы башка, бирок, эми ушул күнүмдүк келип чыккан бир маселе үчүн, Манас атабыздын арбагын козгоп, аны майда-чүйдө маселелерге деле колдоно берүү кантип болсун? Бул жагынан алганда, Тайырбек Сарпашев баштаган топтун аргументтерибиз күчтүү болсун деп эле ар кайсыны айта бергендери уккан адамдардын ого бетер кыжырын кайнатып жатканын ачык айтып коюш керек.

Ооба, улут деген жүрөктө болуш керек. Көр турмуштун айынан же өлкөдөгү ар кандай экономикалык-социалдык кыйынчылыктардан улам чет өлкөлөргө кетип, ошол жактан орун-очок алып, жарандуулугун кошо алып, башка өлкөгө иштеп жаткан кыргыздарды деле түн жарымында колтукка сайып “улутуң ким” десең, буйдамга келбей кыргызмын дээри турган иш. Кыргыздын каны билегинде ойноп, жүрөгүндө жаны согуп турганда кыргыз улутун кантип эле унутуп калсын?! Андай маңкурттар миллиондон бир чыгышы мүмкүн.

Бирок азыркы шартта Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз болуп туруп, паспортту жөн келди бир анда-санда кереги тийчү катардагы бир кагаз санап, ага улутту жазбай койсок эч нерсе болбойт дегендин өзү туура эмес. Анткени паспорт бул адамдын өздүк идентификациялык документи. Анда сенин ким экендигиң, качан кайда туулгандыгың, кайда жашаарың менен кошо эле улутуңдун ким экени да жазылып турушу керек. Анткени так ошол глобалдашуу деген балакет улут дегенди акырындап унуткарып, жаран деген түшүнккө киргизип бара жатканда, аз сандуу улуттар агымга каршы туруп, алынын барынча күрөшүүсү так ушул паспорттон башталганы жатпайбы?!

Графанын кимге зыяны бар?

Дегеле ушул улут графасын жок кылууну, аны көздөн далдаа жерге жерге жазып же таптакыр жазбай коюуну сунуштап жаткандар алды менен бул “гениалдуу идея” эмне зарылчылыктан, кайсы муктаждыктан келип чыкканынан так, даана, эл ынана тургандай айтып бере албай жатышат.

Демек андай абал жок десек болот. Бирок булар “паспорттогу ушул графаны алып койсок улуттар арасындагы ынтымак бекемделет экен, кастык жоюлат экен, эч ким эртең бизден ким автономия сурабайт экен” деген былжырак логиканы ойлоп таап алышыптыр. Тескерисинче, бул сөздөр ынтымакта күн кечирип, куда-сөөк, дос-тамыр болуп камыр-жумурга айланган элдин ортосуна доо кетирип, чагым салып жаткандай сезилет. Кудайды карагылачы, качан кайсы жерде паспортунда корей же уйгур, өзбек же дунган деп жазылып калганы үчүн улуттардын ортосунда чыр чыгып, паспорттун айынан жаңжал чыкты эле?

Эгер буга кечээки, Ош окуясын мисал кыла турган болсоңор, анда өз деңгээлиңердин пастыгын, акылыңардын жоктугун гана көргөзгөн болосуңар, урматтуу улут графасын жок кылуучулар тобу. Себеби Ошто өзбек менен кыргыз элин атайын чагымчыл күчтөр кайраштырып, кыргызын да, өзбегин да бирдей канга чылап, канды кызытып, Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кетирүүнү каалагандар жасаганын силер билбесеңер эл жакшы билет.

Тескерисинче мамлекеттеги титулдук улут болгон кыргыз эли арабыздагы 70тен ашык аз сандуу улуттарды арабызга бөлөк-бөтөн дебей эле батырып, алар кыргыздар сыяктуу эле бардык камкордукка ээ болуп, эч бир укуктары чектелбей, тескерисинче ата-бабасы көрбөгөн айкөл мамилеге карк болуп жашап жатышат го?! Же калппы?

Же Тайырбек Сарпашев Кыргызстанда биздин орус туугандар өкмөт башчы, уйгур туугандар депутат, өзбек туугандар министр болуп, аким, губернатор, мэрлер улутуна карабай эле шайланып иштеп келгенин эсине жара чыгып унутуп калыптырбы?! Ал тургай аларга так ошол паспортундагы улуту деген графасы үчүн атайын кызматтык квоталар бөлүнүп, аларга атайылап артыкчылыктар берилип жатканы кызылдай эле чыркыраган факты, атайын мыйзамдар менен бекилген эреже экенин кантип, кайда катып коебуз?!

Ошондуктан биометрикалык паспорттогу улутту көргөзгөн графанын азырынча эч кимге зыяны жок. Тескерисинче кимдин-ким экенин көрүп-билип турууга, Кыргызстандын ичинде жашап жаткан кайсы улуттун өкүлү ушул Ата Мекени болуп калган Кыргызстанга кандай күйөөрүн, Ала-Тоонун коюнун кандай сүйөөрүн көрүп-билип турганга графанын ордунда калганы эле оң.

Маселен, эртең арабыздагы уйгур же карачай улутундагы тууганыбыз Кыргызстанды кайсы бир адал эмгек, аракети менен дүйнөгө таанытып, элге жарыгы тиер иш жасап, биз ага “Карачы, уйгур болсо да биздин кыргыз коррупционерлерден жогору туруп, Ата Мекенге ак кызмат кылып жатканын, баракелде, бар болсун” деп алкап турганыбыз кандай сонун?!

Мисалы, мен паспортунда “орус” деп турганына карабай карабай Антонина Шевченкону, африка тектүү болгонуна карабай, Ален Офойону, паспортунда улуту “уйгур” делгенине карабай ырчы Султан Каримовду паспортумда “кыргыз” улутум бакыйып жазылып турган мен, Кыргызстандын жараны болгону үчүн жакшы көрөм жана алар менен сыймыктанам. Бизди паспорттогу графа эч качан душман кыла албайт жана аны биз капарыбызга деле албайбыз.

Кыянатчылык болушу мүмкүнбү?

Бүгүн дүйнө жүзүн башкарып жаткан ири державалар эмне деген тири шумдук долбоорлорду иштеп чыгып, аны дүйнө мамлекеттеринде сынап жатканынан көбүбүз эле кабардарбыз. Кечээ эле дүйнөнү титиреткен СССРди кыйратуунун планы кандай түзүлгөнүн, нефтиге ээлик кылган араб өлкөлөрүнүн таасири кантип паска түшүп, алар капиталисттик өлкөлөрдүн чеңгелине түшүп калганын бүгүн документалдуу түрдө эле окуп жатпайбызбы.

Анын сыңарындай, ушу паспорттон улуту деген графаны алып салуу деле Азиянын ортосундагы айбаттуу бир аз сандуу калкты талкалап, каны, гени күчтүү, тамыры терең бул элди аралаштырып, ашмалтайын чыгарып салуунун астейдил планыбы деген ой келбейт койбойт экен. Болбосо, болбогон жерден алабакандай чыр чыгарып, жаңы паспорттон эки сөз батуучу орун таппай, жаңы идея жаратып жатышканы эмнеси?!

Экинчиден, бизде коррупция дале болсо өз күчүн жоготпой, улуттук коопсуздук маселеси курч бойдон турган маалы. Эртең эле баары электрондошуп, адам фактору документ даярдоодон таптакыр эле алыстап калат деп да айтуу кыйын. Анын үстүнө кыргыз дүйнөдөгү эң эле ийкемдүү элден экенбиз, техниканын деле тез тилин таап кыргызчалаштырып алчу жаныбыз, электрондук документ жүгүртүүгө киргенде деле жасалма документтердин түрүн өздөштүрүп койчулар табылбайт деп эч ким кепилдик бере албайт экен.

Ушундан улам, кечээ эле Түркиядан 90дон ашык Кытай жарандары кыргыз паспорту менен кармалган фактыны эске алсак, дүйнөдөгү азып-тозгондун баары эртең “улуту” жок, болгону “жарандыгы” эсептелчү кыргыз паспортуна ээ болуп алса, Тайырбек Сарпашевди түрмөгө камасак да кеч болуп калып жүрбөсүн?!

Жыл сайын жүз миңдеген шордуу кыргыз кара жумуш издеп сыртка чыгып, анын ордуна коңшулаш өзбек, тажик, кытай жарандары соода-сатык, курулуш иштери менен келип байырлап жаткан чакта, улуту жазылбаган паспорттор жең ичинен пачкалап таратылып, эртең алар биз менен тең ата болуп чыкса, артка кайтара албай калбайлы.

Корутундулап айтканда, Тайырбек Сарпашев айтмакчы, бул маселени саясий эрктүүлүк менен эле ордунда калтырган оң. Аны жалпы элдик добуш берүүгө алып чыгып да кажети жок. Анда эле референдум ансыз да араң турган казынанын бир капшытын аңтарып, ортодо миллиондогон солмдор эптүүлөрдүн эки чөнтөгүнө түшүп, өкмөт “Кудай мындай бербеспи!” деп референдум менен гана алек болуп, дагы кемелибизден кетип отуралыбы? Дүйнө эли шылдың кылат го, улутттун кереги барбы же жокпу деп добуш берип отурсак….

Автор: Тынчтык Алтымышев

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Решите *

Тектеш макалалар