Header ad
Улутуңду унтпа: Бекбосун Бөрүбашов: «Паспорт маселесиндеги талашты эл чечсин!»

Улутуңду унтпа: Бекбосун Бөрүбашов: «Паспорт маселесиндеги талашты эл чечсин!»

Каганат. 

Паспорт алмаштыруу процессинде улут маселеси козголуп, коомчулукта кызуу талкуу башталды. Мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү паспорттогу “бешинчи графаны” алып салуу, инсандын улутун көргөзбөө жарандык биримдикти бекемдөөгө багытталганын белгилешүүдө. Мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн бул иши КРнын Конституциясына карама-каршы келет. Башмыйзамдын 20-38-беренелеринде “ар ким өзүнүн этностук тийиштүүлүгүн эркин аныктоого жана көрсөтүүгө укуктуу” деп белгиленген.

Шайлоо мыйзамы боюнча этностордун өкүлдөрүнө партиялык тизмеге кирүү үчүн квота берилген. Демек, мыйзамда, саясый өнөктүктө этносторду таанып, ал эми мамлекеттик расмий документте аларды четтетип коюу туура эмес. Паспорт мамлекеттик расмий документ катары эки маселени чечет. Анда инсан жөнүндө толук маалымат болуп жана анын жарандыгы каралат. Паспорт маселесинде көтөрүлгөн инсандын улуту жана жарандыгы төмөндөгүдөй аныкталат:

Инсандын улуту — анын этнос менен болгон туугандык, социалдык, маданий тыгыз байланышы.

Инсандын жарандыгы — анын мамлекет менен болгон туруктуу, саясый-укуктук байланышы жана алардын укуктары, өз-ара жоопкерчиликтери.

“Улуту” деген жазууну алып койсок, коомдо ажырым чыкпайт” деген жобо улуттук маселени чечүүнүн мамлекеттик жолу эмес, бул мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнүн улут маселеси боюнча саясатынын жоктугун далилдеп койду. Коомдогу ажырым социалдык адилетсиздиктен, саясый системадагы коррупциядан, маданияттагы маңкурттуктан жана улуттук идеологиянын жоктугунан пайда болуп жатат.

2016-жыл тарыхтын жана маданияттын жылы катары белгиленген. Тарыхты пайда кылган жана маданиятты калыптандырган этнос болот. Этнос мамлекеттен мурун пайда болуп, коомдун саясый тутумун калыптандырган жана өнүктүргөн. Ар бир этностун тарыхы, маданияты болуп, жалпы адамзаттын өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон.

Бүгүн дүйнөдө улуттук касиетин сактап калган этностор (еврей, япон, кытай) ийгиликтүү өнүгүшүүдө. Ошолордун бири еврей калкы, алар жер шаарына чачырап кетсе дагы бүткүл дүйнөлүк конгрессине чогулушуп, улуттун маселесин ийгиликтүү чечүүдө. Ата-бабаларыбыз “элибиз бакубат, эркин жашасын” деп жердин жакшысын тандап, мамлекет түптөшкөн, “тукумубуз таза болсун” деп жети атасын аныктап, кан аралаштырган эмес.

“Инсандын адамдык сапаты жогору болсун” деп жетим-жесирин, карысын таштабаган, кул күткөн эмес, зордук-зомбулукка жол бербеген. “Эл билимдүү болсун” деп жалпы адамзаттагы илим-билимди, жетишкендиктерди алыш үчүн ачык коом түзгөн, башка элдерден тууган, дос күтүү жагынан меймандос болгон. Ушул улуу мурастарды унутуп, кыргыз деген атыбызды айта албасак, келечегибиз кандай болот?

Кыргыз деген аттан баш тарткандар ушул мурастарды сактайбы? Бүгүн Кыргызстанда сексенден ашык улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашап, Кыргызстан элинин Ассамблеясына биригишкен жана ар бир улуттун өкүлү өзүнүн маданияты, тарыхы менен сыймыктанышат.

“Паспортnогу инсандын улуту коомдо ажырым пайда кылууда” деген сөз, улуттардын аброюна шек келтирип жана жарандардын укугун чектөө. Бул маселе баардыгыбызга тиешелүү болгондуктан, конституциялык укуктарыбыз бузулуп жаткандыктан, улуттук кызыкчылыгыбыз эске алынбагандыктан, маселени жалпы элдик талкууга коюп,  референдум жолу менен чечүүнү зарыл деп эсептейбиз.

Бекбосун Бөрүбашов,

юридика илимдеринин доктору

Булак:Каганат

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Решите *

Тектеш макалалар