Header ad
«Улутуңду унутпа!»: «Улут» графасын алып таштоо өз элинин өзөгүн түзгөн кыргыз улутуна каршы бийликтин ачыктан ачык кыянаттыгы деп эсептейбиз!”

«Улутуңду унутпа!»: «Улут» графасын алып таштоо өз элинин өзөгүн түзгөн кыргыз улутуна каршы бийликтин ачыктан ачык кыянаттыгы деп эсептейбиз!”

Каганат.

2016-жылдын 14-ноябрында саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспортунда (ID-card) “улуту” графасын ачык калтыруу боюнча “Улутту ачык көрсөтүү – коркунучтуубу?” аттуу чоң жыйын өтөт.

Өткөрүүлүүчү жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көч., 87, Park Hotel Bishkek, конференц-зал (ballroom).

Уюштуруучусу: “Улутуңду унутпа” коомдук-саясий кыймылы.

Катышуучулар: коомдук жана саясый уюмдар, саясый партиялар, мамлекеттик бийлик органдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер ж.б. «Улутуңду унутпа!» коомдук-саясий кыймылы Кыргыз Республикасынын жарандык паспортунан «улут» графасын алып таштоо боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын демилгесине каршы бир катар иш-чараларды өткөрүп келатат. Тилекке каршы, азырынча бийлик өкүлдөрү бул маселеде конструктивдүү кадамдарга барчудай түрү жок.

Тескерисинче, президент А. Атамбаев кыргыз паспортунан «улут» графасын алып салууну ачыктан-ачык колдоп чыкты. Биз муну өз элинин өзөгүн түзгөн кыргыз улутуна каршы бийликтин ачыктан ачык кыянаттыгы деп эсептейбиз. «Улут» графасын алып салуу – жалаң бийлик органдарынын демилгеси. Жалпы мамлекеттик деңгээлде бир да уюм, партия же жарандар тобу кимдир-бирөөлөргө паспорттогу «улут» графасы кандайдыр кыйынчылык жаратып жатканы тууралуу маселе койгон эмес. Демилгенин өзү да коомчулукта кеңири талкууланган жок. Бийлик өкүлдөрү бул маселе боюнча бетке кармаган жүйөлөрдүн бири да суу кечпейт.

  1. Атап айтканда, «улут» графасын жарандык паспорттон алып салган мамлекеттерде улут аралык мамилелерге байланышкан маселелер оң жагына чечилгени тууралуу бир да так далил жок.
  • 2. «Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында ушундай» деген жүйө да эч нерсе менен негизделген эмес. Кыргызстанга салыштырмалуу экономикасы жакшыраак өнүккөн Кытай, Казакстан мамлекеттеринде, демократиялык институттары алда канча алдыга кеткен Балтика өлкөлөрүндө улут тууралуу графа жарандык паспортто так, даана жазылат.

III. «Улут» деген сөздүн өзүн өлкөнүн жалпы эли деп түшүнгөн да туура эмес. Кыргыз эли улут деп эзелтен бери конкреттүү улутту (этносту) эсептеп келген жана бул түшүнүктү башкача кабыл алуу тышкы күчтөрдүн кызыкчылыгында ар кандай чайкоочулукка гана жол ачат.

Тескерисинче, «Улутуңду унутпа!» коомдук-саясий кыймылы Кыргызстандын жарандык паспортунан «улут» графасын алып салууга төмөнкүдөй негиздерден улам каршы чыгат:

1) «Улут» графасын алып таштоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына түздөн-түз каршы келет. Конституцияда ар бир жаран кайсы улутка таандык экенин көрсөтүүгө укугу бар экени ачык жазылып турат. Жарандык паспорт болсо– адамдын улуту көрсөтүлө турган, жарандын мамлекет менен ара мамилесин аныктаган бирден-бир негизги ички документ. Чиптин ичине жазуу же метрикада көрсөтүү паспорттогу жазууну алмаштыра албайт.

2) «Улут» графасын алып салгандан кийин Кыргызстандын элинин өзөгү болгон кыргыз эли өзүнүн улуттук кызыкчылыгы тууралуу ар кандай маселе койгонго мүмкүнчүлүгү жоголот. Кыргыз эли Кыргызстандагы саясаттын расмий, так, негизги субъекти боло албай калат. Бул болсо ар кандай коррупциялык же демографиялык жагдайлардан улам жакынкы келечекте кыргыз эли Кыргызстанда башка элдердин тилдик, маданий жана руханий баскынында калышына жол ачат.

3) «Улут» графасы жоюлган паспортко коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын кызыгуусу кеңири масштабдагы коррупцияга шарт түзөт. Анткени Кыргызстандын ички паспорту менен ЕврАзЭС өлкөлөрүндө визасыз жүрүүгө уруксат бар. Ошондуктан «улут» графасы алынып салынган кыргыз паспортун мыйзамсыз жолдор менен алууга кызыккандардын суроо-талабы азыркыдан бир канча эсе күчөйт. Аны көзөмөлдөгөнгө мүмкүнчүлүктөр жоюлат.

4) «Улут» графасын алып салгандан кийин саясий партиялар майда улуттарга бере турган квотасын ишке ашыра албайт. Бул болсо кайра эле Конституциянын түздөн-түз бузулушуна алып келет.

5) «Улут» графасын алып салгандан кийин жалаң бир улуттун негизинде партия түзүүгө тыюу салган норманын аткарылышын текшергенге эч кандай мүмкүнчүлүк жок калат. Бул болсо өз кезегинде ошондой партияларды түзүү аркылуу чыныгы сепаратизмге жол ачат.

6) «Улут» графасын алып салгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде жазылгандай башка өлкөлөрдөн келген адамдарга Кыргызстандын жарандыгын берүүдө кыргыз улутундагыларга артыкчылык бере турган норма иштебей кала турган шарт түзүлөт.

7) «Улут» графасын жарандык паспорттон алып таштоо – дүйнөлөшүү, диний фундаментализм, массалык маданият күчөп турган, улуттардын белгилери коркунучта калган азыркы шартта кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы багытталган алгачкы кадамдардын бири. Жогоруда айтылган жагдайларды эсеп алып, кыймыл улуттун тагдырына кайдыгер карабаган бардык саясий күчтөрдү, уюмдарды жана жарандарды бул демилгени жокко чыгаруу багытында кызматташтыкка чакырат.

 

 

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Решите *

Тектеш макалалар