Header ad
Жусуп Абдрахманов: “Достор көп, бирок менден жалгыз кишини табуу кыйын болсо керек…”

Жусуп Абдрахманов: “Достор көп, бирок менден жалгыз кишини табуу кыйын болсо керек…”

Каганат.

Жусуп Абдрахмановду Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн атасы деп атап келишет, себеби ал өлкөнүн көз карандысыз болуусуна чоң салымын кошкон. Абдрахманов бир эмес эки жолу Сталиндин алдында Кыргызстанга союз өлкөсү макамын берүү тууралуу маселени көтөрүп, натыйжада Кыргыз автономиялык ССРи түзүлгөн.

Күрөш-жеңиш эмес, ашыкча жашалган күн-кубаныч эмес

 “Жаратылыш сыяктуу эле адамдар дагы өзгөрүп турушат. Достор көп, бирок ар бирибиз өзүнчө жалгызбыз. Бирок менден жалгыз кишини табуу кыйын болсо керек.

Адамдар жашоонун күтүлбөгөн белегин жеңип жатабыз деп ойлошот. Мен жашоо адамдарды шылдыңдап жатып эле алардын өмүрүн акырына чыгарат деп ойлойм. Күрөш-жеңиш эмес, ашыкча жашалган күн-кубаныч эмес”.

Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

7334dfd38a1de755ca98730734f78dbeКөрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Атасы – Абдрахман Балапанов – манап, бий жана 3 жыл болуш болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан, ошол жылы келтеден өлгөн.

Энеси жана 7 бир тууганы Нарында казак-орустар тарабынан көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн.

Жусуп иниси Токо экөө томолой жетим калышкан. 1912-15-жылдарда Сазановка кыштагында орус-тузем мектебин окуп бүтүрөт, андан кийин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайынан окуйт.

1916-жылы эл менен бирге Кытайга качып барып келүүгө аргасыз болот. Кайра келгенден кийин орусча билген 16 жашар тири карак өспүрүм Каракол гарнизонунда ат багуучу болот.

Жусуп Абдрахманов Кызыл Армияда милдетин өтөп, бир жылга жетпеген убакта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейин көтөрүлөт.

1920-жылы ВЛКСМ дын III- cъездине катышып, ошол жерде В.И. Ленин (Ульянов) менен президиумда отуруп, аны менен бирге иштешкен. Ал делегат болуп келип, президиумдун курамына кирген.

8fad57a691c02a835ae6fc52c6c03740

Элдин өз эгемендигин өзү чечиш керектигин жетекчиликке алган Абдрахманов тилектештери Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаевдер жана каракалпактын мыкты уулдары менен бирге, Түркестан АССРинин курамында борбору Жалал-Абадда болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чейин созулган Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү идеясы менен чыгат.

Дал ушул кыялын ишке ашырууга ал бүт өмүрүн арнаган. 1924-жылы Туркестан Компартиясынын БКсы тарабынан уюштурулган “Улуттук оргбюронун” председатели болуп, Кыргыз автоном областын түзүүнү ишке ашырат.

Кадимки көк дептер-тарыхтын бир барагына айланды

 1927-жылдын март айында Абдрахманов Кыргыз АССРинин Совнаркомунун төрагасы болуп дайындалып, 1989-жылы “Адабий Кыргызстан” журналында анын күндөлүгү жарыяланган. Бул уникалдуу документ өлкөнүн биринчи башчысынын кайгырууларын, анын партия бийлигине болгон күмөндүү көз карашын камтып турат.

Ал бийликтин иш аракетин катуу сындап, анын бул кадамдары СССРдин жетектеп турган айрым адамдарга жакпай калган.

84ed04a54ec99d8e8395942c0622b967

Күндөлүк анын кызы Ленина Юсуповнанын колунда сакталып келген. Сыртынан караганда  кадимки эле кара-көк дептер, бирок анда кыргыздын чыгаан уулунун бүтүндөй өмүрү кайгы-кубанычы жазылган. Анда Абдрахмановдун шурудай тизилген кол жазмасы калып, барактары жыл өткөн сайын саргарып кеткен.

Көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимге айтсаң, кандай айтсаң өзүң бил

Азыр сен менин жападан- жалгыз, баарынан ишенимдүү, дегеле унчукпаган досумсуң. Кайсы бир мезгилге чейин сен мага ишенимдүү дос болоорсуң. Бирок менин колумда турганыңда гана мен сага ишенем, ал эми чоочун колго тийгениңде, балким, кыянаттык кылып кетээрсиң.

Сени сатып кетпейт деп айта албайм, бирок кандай болгон күндө да сенден дегеле эч нерсени жашырбайм. Ой- толгоолорум, сар- санаам тууралуу саясий ишмер катары эле эмес, жөн эле катардагы пенде катары да айтып берейин.

Бир гана өкүнүчтүү жагы—сен угуп гана тим болуп, бирок жооп бере албаганың. Жараткан маңдайыма жалгыздыкты, кандай гана кыйынчылык келбесин, ар дайым андан жол таап чыгып кетүү түйшүгүн буюрган окшобойбу, бирок “мына ушундай” тагдырыма моюн сунууга туура келет.

Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил.

Анда эмесе, менин ой- толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат – баарысын тыңдап тур.

Күндөлүккө катылган сезим

Ал үй-бүлөлүү болгонуна карабастан белгилүү футуристке болгон сүйүүсүн өз күндөлүгүнөн жашырган эмес.

Абдрахманов өзүнүн биринчи сүйүүсү казак кызы Гуля менен 2 балалуу болгонуна карабай футурист Мария Натансонго ашык болгон.

Кызынын айтымында, Жусуп Абдрахмановдун аялы күйөөсүнүн Мария Натансон менен болгон байланышын билген эмес. Ал күйөөсү менен бирге жашаган 18 жыл бир жылда эле өтүп кетти деп айткан. Жусуп Абдрахманов аялын эч качан таарынткан эмес, бир жолу аны эркелетип “келесоо” деп атап койгону үчүн аялы таарынып калган. Аны менен элдешиш үчүн Абдрахманов той берген.

ac80ddcca5e8c6df882bf9e3af81bd0c

“Апам абдан сулуу айым болчу. Алтын апам… Бирок атама аны менен кошо өнүккөн, аны менен маанилүү иштерди талкуулай билген адам керек эле”,-деген Ленина Юсуповна.

Мария Натансондун кыскача таржымалы

Мария Натансон 1927 – жылы партиянын XV съездинин чечими менен «Бириккен оппозицияга» катышы бар деген айып тагылып, партиядан чыгарылып, өзү сыяктуулар менен кошо Орто Азияга жөнөтүлгөн.

Ал 1928 – жылдын 3 – мартынан 26 – сентябрына чейин Кыргыз АССРынын Мампланынын өнөр жай секциясында экономист болуп иштейт.

Ушул жылдын аягында Мария Ленинград шаарына кайра кайтып, кийинки жылы партияда калыбына келтирилген. Мария Натансон 1917 – жылдан бери партиянын мүчөсү болуп, 1919 – жылы ал төңкөрүшчүл Петрограддын Выборг районунда түзүлгөн коммунист – футуристтер («Ком – фут») тобунун секретары болгон.

Кыргызстанга келгенде, орустун улуу акыны Владимир Маяковский атагандай, Муся Натансон 28 жашта эле. Ал 1937-жылы атылып өлтүрүлгөн.

Жусуп “эл душманы, күбө күндөлүк

1937-жылдагы чоң калайманда Жусуп камакка алынат, ага антисоветтик террористтик, диверсиялык-чыккынчы, оңчул троцкисттик уюм менен блоктошкон Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген күнөө коюлат.

Ага саясий айыптарды тагууда органдар Абдрахмановдун дайыма жазып жүргөн күндөлүгүнө таянышкандыгы белгилүү. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, СССРден бөлүп өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген кине тагылат.

Канчалык кыйнаса да Жусуп өзүнө коюлган күнөөлөрдү мойнуна албаган. 1938-жылы 5-ноябрда атылып өлтүрүлгөн.

Согуш. Ачарчылык. Нанга алмашылган белектер

Согуш учурунда Абдрахмановдун аялы Маяковский берген белектерин нанга алмаштырган күндөрү болгон

“Владимир Маяковский атам менен Петербургга жана Москвага бирге барган апамды жакшы таанычу. Ал апама чынжыры бар алтын саат белек кылган, бирок аны бизден тартып алып коюшкан.

Ал эми атама болсо мрамордон жасалган жазуу үчү керектүү нерселерди белекке берген ошондой эле АКШдан “Жилетт” фирмасынын устараларын апкелип берген эле. Алардын айрымдарын согуш учурунда нанга алмаштырууга туура келген”,-деген Абдрахановдун кызы Ленина Юсупова

Мен атам ким экенин билбей чоӊойдум

Ленина Жусупова атасынын күндөлүгүн 1989-жылы алган. Жусупова бир маегинде, Жусуп Абдырахмановду негизги себеби ал партиянын каалоосун аткарбай, буудайды Орусияга өткөрбөй койгонунда болгон.:

“Ушунча жыл бою менин атамдын ысымы унутулуп калган, ал тууралуу эч ким эстеген эмес, бирок ал өлкөнүн биринчи жетекчиси болгон да. Ал мен 11 айлык кезимде атууга кеткен. Мен атам ким экенин билбей жана түшүнбөй эле чоңойдум.

Мектепти бүткөн соң атамды саясий реабилитациялоо тууралуу каттарды жаза баштадым. Мындай суранычтарды өтө көп жаздым, бирок пенсияга чыкканымда гана максатыма жеттим.

Мамлекеттик коопсуздук комитети мага күндөлүгүн берген соң гана атам тууралуу баары айта баштады. Ал элдин кызыкчылыгын баарынан бийик койгон. 1933-жылы аны 7 жыл кызмат кылган Совнаркомдун төрагалыгы кызматынан алып салышкан.

 Мунун негизги себеби ал партиянын каалоосун аткарбай, буудайды Орусияга өткөрбөй койгонунда болгон. Ошондуктан Кыргызстанда Казакстандагыдай, Украинадагыдай ачкачылык болгон эмес.

1933-жылы аны партиядан чыгарып салышып, 4 баласы менен жумушсуз калган. Анын эмгекчил экенин билген достору атамды алгач Куйбышевге андан соң мен төрөлгөн Оренбургга жиберишкен”.

Биз эл душманынын балдары деген айып менен жашадык

 “Биздин үй-бүлөбүздү иттердин жана кайтаруучулардын коштоосунда товар ташыган вагон менен алып келишти. Фрунзенин бекетинде бизди апабыздын агасы күтүп алды дагы азыркы Гоголь жана Токтогул көчөсүнөн батир ижарага алып берди.

Ошол бөлмөдө апам 5 баласы менен 1941-жылга чейин жашады. Биз абдан кедей жашадык. Бирок апам 5 баласы менен жалгыз калганына карабай, баарыбызды окутту-чокутту. Ал тигүү цехинде үтүкчү болуп иштечү. Биз эл душманынын балдары деген айып менен жашадык.

Мен 9 жашымда гана араӊ дегенде мектепке бардым. Анткени, кийерге кийимим жок болчу. Эсимде, сабакка киргизсин деп мектепке киргиче буттарымды арыкка жууп алчумун, анткени мен сабакка кепич кийип барчумун,-дейт ал.

Абдрахмановдун улуу балдары – Алибек менен Анварды 1941-жылы согушка жөнөтүшкөн жана ал жактан Алибек гана келип, алган жараттарынан улам көпкө жашаган эмес.

Абдрахмановдун кичүү кызы Ленина Жусупова болсо 20 жыл гальваник болуп иштеген. Кедей жашашканына карабастан ал институттан билим алган жана “Айнур” заводунун профкомунун төрагасы болуп шайланган. Жолдошу менен 32 жыл жашап, балалуу болгон эмес.

Бир туугандарынан 87 жаштагы жалгыз эжеси учурда Казакстанда жашайт. Ал эми 2007-жылы Ленина Жусупованын көзү толук көрбөй калганын, ал жалгыз күн кечирип жатканын, анын пенсиясы 3 миң сомду эле маалымат каражаттары түзөрүн жазып чыгышкан.

Булак: Каганат

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Решите *

Тектеш макалалар